Назира Айтбекова: “Аба жетпей, алым кетип, алсыз болсом алдыңда…”

Акыркы кезде өзүнүн оюн Facebook баракчасы аркылуу активдүү билдирип, ар тараптуу сынга кабылып келе жаткан Назира Айтбекова бул жолу төмөндөгүдөй постун жарыялады. Анын жазганын окуган интернет колдонуучулар жамгырдай жааган пикирлерди калтырышууда. Айрымдары алып баруучуну жалгыздыктан тажап жаткан окшойт деп божомолдошууда:

“Көйгөйүң көптө көңүлгө көмүр болуп жагылып, жадыбалдай жатталып, жалбырттап күйүп, жалындап сүйүп, жайдары күлүп кел мага! Жаныңда туруп, жамынсам карааныңды, илебиңе кайнап, көзүңө чөгүп, тумчугуп аба жетпей, алым кетип, алсыз болсом алдыңда” деп жазып чыкты.

Бул постту окугандардын арасынан Назира Айтбековага каалоо-тилек жазгандар да жок эмес.

БУЛАК:barometr.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу