Кызганычтан кантип кутулам?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Кызгануу – бул сезим, эмоция эмес, биз үчүн маанилүү болгон адамга карата пайда болот.

Кызгануунун ар кандай аныктамалары бар. Кээ бир адистер кызгануу менен көрө албастыкты окшоштурушат. Бирок бул түшүнүктөрдүн айырмасы чоң. Себеби кызганууда ​​сүйгөн же жактырган адамыңдан шектенип, күмөн санай баштайсың. Көбүнчө шектенесиң, аны жоготуудан коркосуң.

Кызгануу төмөнкү эмоциялар менен коштолот:

  • Коркуу
  • Ачуулануу
  • Чочулоо

Кызганычтын негизги себеби – чыккынчылык. Көбүнчө сүйгөнүнө чын дили менен ишенген же болбосо мамилебиз ийгиликтүү деп ойлогон адамдардын жүрөгү жараланат.

Кызганган адамдын аракеттери:

  • Когнитивдик аракет— кызганган адам сезиминин келип чыгуу себептерин анализдейт.
  • Аффективдик аракет— кызганганда ачууланат, жек көрөт, көңүлү калат, өзүн жана өнөктөшүн жемелейт.
  • Жүрүм-турум аракети-өнөктөшүн кармап калуу үчүн- коркутат, өтүнөт, ынандырат, түшүндүрүүгө аракет кылат.

Кызганычтын түрлөрү:

  • Катаал кызганыч-өжөр, өктөм, өзүнүкүн бербеген, майдачыл, сезимдери муздак адамдарда болот. Алар башкаларга аткарууга кыйын же мүмкүн болбогон талаптарды коюшат. Күнөөнү өзүнөн эмес, өнөктөшүнөн издейт.
  • Өзүнө ишенбеген адамдардын кызганычы— булар өздөрүн төмөн баалайт. Депрессия жана үмүтсүздүккө бат түшүп, кичинекей нерселерди күчөтүп жиберет. Ар бир адамды атаандашы катары көрөт. Өнөктөшүнүн жетиштүү мамиле бурбай жатканын байкаса, дароо эле күмөн санай баштайт.
  • Тетири кызганыч— эгерде өзү чыккынчылык кылуу тууралуу ойлосо, шериктешин дагы ошентип ойлоп жатат дейт.
  • Үйрөтүлгөн кызганыч— коомдон, ата-энесинен уккан же китеп, тасмалардан көргөн “баардык эркектер же аялдар бирдей” деген пикирден улам кызганат.

Кызганычтан арылуу жолдору:

  • Өзүңүздү кандай болсоңуз, ошондой кабыл алыңыз. Жакшы же жаман адамдар жок, биз жакшы көргөн жана жакшы көрбөгөн адамдар гана бар экенин билиңиз.
  • Көңүлүңүздү окуу, жумуш, хобби сыяктуу маанилүү неселерге буруңуз.
  • Өткөндү анализдеп, андан сабак алып, өз каталарыңызды тапканга аракет кылыңыз.
  • Чечим кабыл алыңыз: өнөктөшүңүздүн чыккынчылыгын кечирип, мамилени улантасыз же токтотосуз. Канчалык созо берсеңиз, ошончолук кызганыч күчөйт.
  • Жашооңуздун образын алмаштырыңыз. Жаңы досторду, кызыкчылыктарды, хоббилерди табыңыз, көптөн бери кыялданган нерсеңизди ишке ашырыңыз.

    БУЛАК:bilesinbi.kg

Аргумент.kg