Жумуштагы кесиптешимди сүйүп калдым, бирок күйөөм…

Жумуштагы кесиптешимди сүйүп калдым, бирок күйөөм…

01-жетинин айы, 2022-ж // // Айпери Осмоналиева

Саламатсыздарбы. Урушсаныздар деле мейли бирок кенеш алгым келип жатат балким мен да онолуп калаттырмын. Өзүмдүн үй-бүлөм бар 2 кызымда бар. Учурда иштеймин,жумуштагы кесиптешимди жактырып калдым. Биринчи ал сезимдерин айтты көп өтпөй эле жакындап кеттик. Анын да үй-бүлөсү балдары бар. Алыстаганга көп аракет кылдым болбоду ага да айттым бүтүрөлү мамилени деп көнбөдү,ал да аракет кылды бирок жумушта кайра сүйлөшүп жакындашып кетебиз. Жолдошум жакшы байкушум мага ишенет,бирок мен ишеничин актай албадым. Ушунчалык өзүмдү жек көрүп кетем. Эмне кылсам болот кантип онолсом болот. Көп күлөмн шайыр жүрөмүн, серьезно боло албайм, таарынада албайм бат эле жазылып кетем. Сураныч мага жол көрсөтүнүздөрчү. Мен да ишенгенге татыктуу инсан болушту каалайм.