Кыз — жигитке кеңеш. Сүйгөнүңдү кантип кое берүү керек?

Мамилеңерге чекит коюлду. Бирок, сүйгөнүңдү унута албай жатасыңбы? Анда бул кеңештерге кулак сал.

 Түшүн: мындан ары сен ал үчүн маанилүү эмессиң, эми ал сага кам көрбөйт, кыйналып жатканың менен иши жок.

 Кайгыр. Ачуулан.

 Башынан аягына чейин жаңы сериал көрүп чык.

 Жалгыздыкты сез. Сагын. Чогуу күлгөнүңөрдү, өмүр бою бирге болобуз деп ойлогонуңду жылмаюу менен эсте.

 Кызыктуу рецептерди таап, тамак жаса.

 Сейилдөөгө чык. Музыка ук. Жаңы адамдар менен тааныш.

 Колуңдан келишинче кадимки жашоо менен жашаганга аракет кыл.

 Эми ал, бир кезде сен жакшы көргөн адам эмес.

 Аны кое бер. Коштошуп, алдыга кадам ташта.

БУЛАК:bilesinbi.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу