Карганбек Самаков: «Сооронбайды Асылбек эле талкалап салды»

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Экс-депутат Карганбек Самаков 3-декабрда журналист Майраш Базлакуновага маек берди. Анда экс-депутат «Биримдик» партиясынын тарыхы жана аны кандайча экс-президент Сооронбай Жээнбековго өткөрүп бергени, анын бир тууган иниси Асылбек Жээнбеков тууралуу кеп кылды.

«Асылбектин кылыгын баары билет»

Самаков жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоодо «бийликчил» аталып, алдын ала жыйынтык боюнча эң көп добушка ээ болгон «Биримдик» партиясын 6 жыл мурда «издеп жүрүп сатып алгам дейт» — ал партияны «депутат айымга» кыймылсыз мүлккө алмашкан.

Кийинчерээк, 2019-жылдын август айында, Самаков партияны ошол учурдагы президент Сооронбай Жээнбековго бергенин айтты.

«Мен “Соке, түндүк-түштүк маселесин, улут аралык араздашуулардын баарын четке кагып, ушул партия менен элдин башын бириктир” дегем. Ал “макул, абдан жакшы” болбодубу деп сүйүнүп, алган», — дейт ал.

Ошондой эле ал кийинчерээк экс-президент аны менен «байланышпай, сурашпай партияны тартып алганын» билдирди.

Бирок ал ошол эле учурда Жээнбековду «токтоо, жулунбаган жана бир калыпта жүргөн киши» катары сыпаттап, «аны иниси Асылбек Жээнбеков талкалады» деп кошумчалады.

«Асылбектин кылыгын мен эмес элдин баары эле билет да. Напсин тыйбай 95 мандатты алам деп жатып мына ушуну көрбөдүбү», — деди ал.

4-октябрда шайлоого катышкан 16 партиянын ичинен төртөө парламентке өткөн. «Биримдик» — 24,5%, «Мекеним Кыргызстан» — 23,88%, «Кыргызстан» — 8,76%, «Бүтүн Кыргызстан» — 7,13%.

Бийликчил «Биримдик» партиясы шайлоонун жыйынтыгы менен канааттангандыгын айтса, Матраимов кланына байланышы бар «Мекеним Кыргызстан» партиясынын лидерлеринин бири Искендер Матраимов мындан көбүрөөк добуш алмакпыз деп билдирген.

Ал эми эртеси күнү шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар жана жарандык активисттер мөөнөтсүз митингге чыгышып, БШК жыйынтыкты жокко чыгарууга аргасыз болгон.

Ал эми Сооронбай Жээнбеков саясий кризис учурунда отставкага кеткен. Жээнбеков бийлигин тапшырып жатып, бийликке жармашпай турганын жана «өлкөнүн тынчтыгы үчүн» ушул кадамга барганын айткан.

Президенттин отставкасы президентикке талапкер Садыр Жапаровдун алгачкы жана негизги талаптарынын бири болчу.

Самаковго байланыштуу иш

Самаковду Бишкектин Октябрь райондук соту 2017-жылы «Айыл чарба жерлерин мыйзамсыз трасформациялоо» боюнча 10 жылга эркинен ажыраткан. Бирок мунапыс менен анын жаза өтөө мөөнөтү үч жылга чейин кыскарган.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Самаков 2008-жылы Кара-Жыгач, Байтик жана Лебединовка айыл өкмөттөрүнүн айыл чарба багытындагы жер тилкелерин калктуу конуштар категориясына мыйзамсыз трансформация кылган.

Ал эми трансформация болгон жерлер кымбат баада сатылып кеткен. Бул иште аларга мурдагы кулатылган президент Курманбек Бакиев жана анын бир тууганы Жаныш Бакиев жардам бергени айтылган. Ошол эле жылы Самаков сот өкүмүн даттанаарын айткан.

Клооп.кж

Аргумент.kg