Жээнбеков Садыр Жапаровду премьерликке бекитпей, токтомду ЖКга кайтарарын айтты

Жээнбеков Садыр Жапаровду премьерликке бекитпей, токтомду ЖКга кайтарарын айтты

13-тогуздун айы, 2020-ж // // Айпери Осмоналиева

Президент Сооронбай Жээнбеков Садыр Жапаровду премьер-министрликке бекитүү боюнча токтомду артка кайтармай болду. Бул тууралуу Спутник.кж билдирди
Маалыматка караганда, президент Садыр Жапаров менен жолугуп, аны бул боюнча кабардар кылган.

“Стабилдүүлүктү сактап, бекемдеш үчүн өлкөдөгү биздин бардык чечимдер легитимдүү болуп, шек жаратпашы керек”, — деди президент.

Жээнбеков бул маселени бардык талаптарды эске алуу менен кайра кароону суранып, парламентке кайрылууну пландап жатат.
Кайрадан чогулган депутаттардын жыйыны. Учурда эмне болуп жатат
Буга чейин Жогорку Кеңештин Садыр Жапаровду өкмөт башчылыкка бекитүү боюнча токтому президенттин аппаратына жеткени айтылган.
Мыйзам боюнча президент үч күндүн ичинде өкмөттүн курамын бекитпесе, алар дайындалган болуп эсептелип, ишин уланта бермек.