Акаев Бакиевдин келиши тууралуу: Жапаров бардыгы мыйзам чегинде жооп бериши керектигин айтып, бул үчүн шарт түзүп берем деди

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Кыргызстандын экс-президенти Аскар Акаев Садыр Жапаровдун өзүнөн мурунку президенттердин баарын чогулткан Дубайдагы жолугушууга кайрадан комментарий берди. Анын интервьюсу YouTube’дагы Avtor TV каналына жарыяланды.

Аскар Акаевдин айтымында, мурдагы президенттердин жолугушуусу Садыр Жапаровдун тарыхый демилгеси жана эл аралык чоң резонанс.

Ага 2005-жылдын 24-мартындагы окуядан кийин бийликке келген Курманбек Бакиев, Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев жана башка саясатчыларга кандай карайсыз деген суроо узатылды.

Аскар Акаев аларга эч кандай дооматы жок экенин айтып, алардын өзүнө тагылган айыптоолорду “мажбурланган популизм” деп атады.

Ал кошумчалагандай, алар аны менен ар кайсы убакта иштешкен.

«Аларга да, балдарына да таш ыргыткан жокмун. Ошондуктан, менден кийин келген башка экс-президенттер жөнүндө айтсак… тарых, коом соттойт. Биздин кыргыздар сынчыларга бай, ошондуктан баа берүү, сындоо меники эмес, алардын иши», — деди А.Акаев.

А.Акаев Эмираттардагы жолугушуу Садыр Жапаровдун Курманбек Бакиевди Кыргызстанга кайтарууга даярдыгыбы деген суроого жооп берди.

Анын айтымында, бул жыйында Садыр Жапаров «бардыгы мыйзам чегинде жооп бериши керек», деп ачык айткан.

«Эң негизгиси бул үчүн шарт түзүп берем деп айтты. Ага рахмат. Мага эки жыл мурун шарт түзүп берген, маселеңерди чечкиңер келсе мыйзам чегинде келип жооп бергиле деген. Ошол мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, эртеси эле өлкөгө учуп келдим. Бир нече жолу келдим. Эртеден кечке чейин компетенттүү органдарда отуруп бардык суроолорго жооп берип, көрсөтмө берип, аягында расмий түрдө элге кайрылып, кечирим сурадым. Мен бул процедуралардын баарын мыйзамдын негизинде жасадым», — деди ал.

Аргумент.kg