Жигиттин жүрөгүнө бычак сайылып каза болгон

Жигиттин жүрөгүнө бычак сайылып каза болгон

07-бирдин айы, 2022-ж // // Айпери Осмоналиева

Эки райондун тургундарынын урушунан улам жаш жигит каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары билдирди.

Маалыматта,  Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон менен Ноокен районунун тургундарынын ортосунда мушташ 5-февралдан 6-февралга караган түнү болгон.

Саат 01:40 чамасында ооруканадан Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмүнө 20-25 жаштар чамасындагы адам бычактан алган жаракаты менен келип каза болуп калганы билдирилген. Кийинчерээк  Ноокен районундагы дарыянын нугуна бир топ жаштар чогулуп, массалык мушташка чыгышкан. Жаңжал учурунда белгисиз адам 22 жаштагы Базар-Коргон районунун тургунунун жүрөгүнө бычак сайган.

Факты боюнча “Адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголуп, экспертизалар дайындалган.

Кийинчерээк ыкчам иликтөө кызматкерлери тарабынан 2005-жылы туулган А.Б., кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөө иштери уланууда.