Жигитим сөйкө салгандан кийин таштап кетти
09-баш оона, 2022-ж // // Айпери Осмоналиева«8-классымда өзүмдүн айылымдагы бир бала менен сүйлөшүп баштадым. 2 жыл өткөндөн кийин ата-энеси сөйкө салып келишти. Көп өтпөй мен жөнүндө айылда «башка бала менен сүйлөшөт, тиет экен» деген болбогон бир ушактар тарады. Бул сөздөр жигитимдин туугандарына да жетиптир. Мен канча айтып ыйлаганым менен ал мага ишенген жок. Экөөбүз сүйлөшпөй калдык.»
Бул аралыкта Салтанат окуусун бүтүп, университетке тапшырат. Өткөндү унуталбай кыйналат. Экинчи курс болгондо баягы жигити байланышка чыгат.
«Жигитим кайра чалып баштады. Бирок, «сен ушундай кылгансың, сен минткенсиң» деген сөздөрү калган жок. Ушул убакка чейин ар бир айткан сөзү ыйлатат. Анан бир жума мурун “мен сени жакшы көргөнүм үчүн эмес, сыйлаганым үчүн сүйлөшүп жатам. Үйлөнсөм да, сыйлаганым үчүн үйлөнөм”,- деди. Эмне кылаарымды билбей калдым. Үй-бүлө болсок, бул жагдай улана берчүдөй сезилип жатат.»
Тилекке каршы, Салтанат убагында ата-энесинин кой дегенине болбой сөйкө салдырган. Ошондон улам, учурда кыйналып жүргөнүн аларга айта албайт.
«Азыркы абалымды ата-энеме да айта албайм. Алар сураса баары жакшы деп коём. Анткени, ал жигитти мен өзүм тандагам, апамдар каршы чыкканына болбой сөйкө салдыргам. Эми аларга эч нерсе дей албайм. Муну менден башка эч ким билбейт. Ичимден сызып улам ыйлап алам. Аябай кыйналып кеттим. Кимге эмне деп айтаарымды да билбей калдым. Менин мынчалык кыйналганымдан апамдар кабардар эмес.»