Нурлан Насип «инстаграм миллионер»: «Мен той бере албайм кечиресиздер…»

Ырчы, обончу Нурлан Насиптин инстаграм баракчасындагы катталуучуларынын саны 1 миллионго жетти. Бул тууралуу ырчы өзү пост жазды.

Ал өз постунда: «Рахмаат менин сүйүктүү окурмандарым мени менен бирге болгонуңуздарга 1 000 000

Бирок мен той бере албайм кечиресиздер. Суранып жаткандар үйгө келип чай ичип кетсеңиздер болот. (тамаша)» -деп жазды.

Нурландын жалпы күйөрмандары аны куттуктап: «Бул дагы чек эмес», «Дагы да бийиктиктерди багындыра бер» деген өңдүү билдирүүлөрдү жазып калтырышууда.

Эске салсак, буга чейин алгачкы «инстаграм миллионер» Самара Каримова, андан кийин Анжелика Кайратова болгон эле. Нурлан Насип алгачкы шоу бизнестеги эркектер арасындагы «инстаграм миллионер» болду.

БУЛАК:barometr.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу