Дал келүүбү же кокустукпу? Ырчы Айпери Кубик кызына президент Сооронбай Жээнбеков өз колу менен чай куюп берип курсагын тойгозду…

Ырчы Айпери Кубик кызынын түшүнө президент Сооронбай Жээнбеков киргендигин өздүк баракчасына жазып чыкты.  Анда, «Достор, бүгүн башкача түш көрдүм. Түшүмө ажобуз Сооронбай Жээнбеков кириптир. Ал киши айтат: «Боюнда бар аялдын курсагын тойгозсо чоң сооп болот! Ошого ал, ич»-деп мага тамак берип, өзү ысык чай куюп берип жатыптыр. Ушундай мартабалуу киши, намаз окуган инсан, ажобуз соопчулук үчүн менин (боюнда бар) курсагымды тойгузуп жатканы түшүмө киргени кызык болду. Эми бул түш да. Түш жооручулар барбы? Силер кандай дейсиңер?», -деп суроо иретинде билдирүү калтырды.

Мындай билдирүүгө интернет колдонуучулар, «балаң президент болотго», «президент төрөйсүзго»- деген сындуу  пикирлерин жазышууда.

БУЛАК: argument.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу