Сооронбай Жээнбеков, Кашкар Жунушалиев, Орозбек Опумбаев, Өткүрбек Жамшитов… Булар качан камалышат?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

“Октябрь төңкөрүшүнө эки жыл болду. Андагы Сооронбай Жээнбеков башында турган бийлик элди аттырып, ондогон адамдарыбыз майып болушкан. Үмүтбек шейит кеткени белгилүү… Буга качан акыйкаттуу алкакта баа берилет? Кан төгүүгө карата Кашкар Жунушалиевдин, Орозбек Опумбаевдин жана Өткүрбек Жамшитовдун жоопкерчиликтери каралбайбы?” деген суроонун айланасында ой калчадык.

Назгүл Мамытова, журналист:

— Октябрь революциясы да мурдагылардай эле болуп, өз баасын албай калды. Бейкүнөө адамдар курман болуп кете беришти. Жарадар болгондору да көп. Көзүнөн ажырап калган жигиттерден кабар алган жан жок. Сооронбай Жээнбеков өзү баш болуп, командасындагы өз элине кан төгүүгө түздөн-түз тийешеси бар Кашкар Жунушалиев, Орозбек Опумбаев, Өткүрбек Жамшитов, Алмамбет Салиевдер жоопко тартылмайынча, Октябрь революциясы өз баасын албайт. А бул бийлик Жээнбековду “ырымдап”, ымалашып алган. Ошол себептүү жакынкы аралыкта акыйкаттуу алкакта баа берилери өтө күмөн. Бирок, Үмүтбектин өлүмү булардын мойнунда…

Эрлан Жамгырчиев, коомдук ишмер:

— Оомалуу-төкмөлүү учурларды өткөрүп жатабыз. Көз ачып-жумгуча эле Октябрь революциясына эки жыл толуптур. Революциянын келип чыгышына даректүү токтолбойлу, аны элдин баары билет. Ал эми өз элине душмандарча кан төгүүгө жол ачкан андагы президент Сооронбай Жээнбеков жана бүгүнкү күндө качкын болуп жүрүшкөн Кашкар Жунушалиев, Орозбек Опумбаев, Өткүрбек Жамшитовдор толук кандуу күнөөлүү экенин эл билет. Күнөөлүүлөр жоопко тартылыш керек эле. Эки жыл мурун азыркы бийлик оголе көп нерселерди айтышты, үмүттөндүрүштү. Эгер эки жылда айтылгандардын алды аткарылбаса, алдыда кандай болоор экен? Жандык, бодолордун бооз-кысырын, канча эт берерин айныбай билген элибиз башчы шайлаганга келгенде эле көзү жетпей, көкүрөгү сезбей, жомокчулардын сөзүнө эрип, ээрчип калышат. Бул жагы мага азыр да түшүнүксүз…

Качкын Булатов, укук коргоочу:

— Эгер биз тарыхка кайрылсак, ар бир президент төңкөрүштөн кийин бийликке келгенде айкөлдүк кылып, “баарын кечирдим” деп чыгышат. “Тийешелүү адамдардан жең ичинен пара алып коюшабы?” деп шекший берем. Себеби, ар бир революция тушунда биздин эле карапайым жарандар набыт кетишет, оор жарадар болушат, майыптыкты алгандар арбын. Аларга ким күнөөлүү? Албетте, ошо кездеги президент баш болуп, калган күч структурасы жана башкалар күнөөлүү. Кылмыш кылгандарды кимдер иликтешет, аныкташат? Ошол эле прокуратура, күч түзүмдөрү. Алар да жең ичинен пара алып коюшабы, же “карга карганын көзүн чукубайт” дегендей, биз акыйкаттыкты көрбөй келебиз. “Эмне үчүн ошол эле Сооронбай Жээнбековду, Кашкар Жунушалиевди, Өткүрбек Жамшитовду, Орозбек Опумбаевди жоопко тартышпайт?”  деп изилдеп көрсөм, тергей тургандардын өздөрүнүн күнөөсү бар имиш, анан “чукуп чыгат” деп кооптонушат экен. Болбосо, эчак эле ошол кездеги мыйзамды бузган Кашкар Жунушалиевди баш кылып, баарын камаш керек болчу!

Мээрбек Мискенбаев, коомдук ишмер:

— Октябрь окуясына быйыл эки жыл болду. Бул окуяда Сооронбай Жээнбековдун бийлиги элге ок аттырды. Анын кесепетинен Үмүтбек шейит кетти. Канчалаган жарандар оор жаракат алышты, майып болушту… Мына ошо кезде жабыр тарткандар эки жылдан бери акыйкат издеп келишет. Ошол пандемия, Октябрь окуясы, Кой-Таш окуяларына апкелген Сооронбай Жээнбеков жана анын командасынын бир да мүчөсүн азыркы бийлик жоопко тартпай отурат. Пандемияда эл аралык уюмдардан келген эбегейсиз каражаттар дарексиз жумшалган, мындайча айтканда, канчалаган элдер бейкүнөө набыт болду. Сооронбай Жээнбеков эл үчүн эч бир алгылыктуу иш жасабай эле “Алмазбек Атамбаевди камакка алсам, андан кийин майкөл-сүткөл жашоодо жашайм” деген арам ою менен акыры өзү эмне болду? Эртели-кеч тарых баарын өз ордуна коёт, Сооронбай Жээнбеков жана анын суу жүрөк генералдары түрмөгө камалат. Алардын орду түрмөдө!

Сурат Жылкычиев 

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg