Жигитим апасынын жалгыз уулу болгон үчүн ага турмушка чыккым келбей жатат
12-кулжа, 2021-ж // // Айпери ОсмоналиеваСаламатсызбы менин катымды дагы чыгарып бериңизчи сураныч. Мен болсо азыркы учурда Жогорку окуу жайда окуйм. Анан жигитим бар. Аябай жакшы бала. Анан жакында мен анын апасы менен тааныштым. Ал аябай тың анан көргөн көзүмө ишенбедим.Жигитим болсо жалгыз уулу экен баягы орусча айтышат го «маминкин сыночек» деп. Апасы аны кичинекей баладай эркелетип, менден кызганып, мен шок десеңиз. Ал болсо жакында үйлөнөлү деп жүргөн. Аны көрүп алгандан кийин ал менен сүйлөшкүм жок. Эмне кылсам мага кеңеш бериңизчи сураныч?
Назира