Нарын дарыясына малдын каны кошулуп жатат. Видео

Калаа тургундары мал союлуучу жай жазында жабылганы менен дагы деле иштеп жатканына нааразы.

Нарын дарыясына мал союлуучу жайдан чыккан кан куюлуп жатканын шаар тургундары маалымдашты. Алар окуяны видеого жана сүрөткө тартып алышкан.

Видеодо дарыянын муз каптаган жээги кызгылт өңгө боёлуп калганын көрүүгө болот.

Өзүн Каниет Аманов деп тааныштырган тургун окуя шаардын Городок деп аталган аймагында орун алганын белгиледи.

Анын айтымында, атайын органдар менен тийиштүү мамлекеттик кызматтар жазында келип аталган жайды жаптырып кетишкен.Загрязнение реки НарынЗагрязнение реки Нарын

Нарын дарыясына мал союлуучу жайдан чыккан кан куюлуп жатканын шаар тургундары маалымдашты.

«Жазында бул жер жаман жыттанып, дарыяга малдын каны түшүп жатканын айтып арызданганбыз. Тийиштүү мамлекеттик кызматтар келип бул жай мыйзамсыз иштеп жаткандыгын, тийиштүү документтери жок экенин аныктап жабышкан. Бирок азыр деле кайрадан иштеп жатат. Бул жакта канализация жок. Болгон нерсенин баары дарыяга түшүп жатат», — деди ал.

Аманов Нарын дарыясынан төмөн жайгашкан айылдар сууну дал ушул жерден алып ичерин кошумчалады.

Ал эми Нарын райондук ветеринардык-фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыгынын башчысы Тазабек Мамыров чындап эле жазында мал союучу жай жабылганын Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

«Тургундар кайрылып, аталган жерден жаман жыт чыгып жатканын айтышкан. Санэпидстанция, экотехинспекция жана ветеринардык инспекциядан кишилер барып, ал жерди жаап келгенбиз. Өзүм билемдик менен салынган жер болчу», — деди ал.

Мамыров аларга мал союучу жер кайта иштеп жатканы тууралуу маалымат келбегенин билдирип, «бүгүн керек болсо өзү барып, жеринен текшерүү жүргүзөрүн» айтты.

Аткаминер фактыны жеринен барып көрүп, аныктагандан кийин кошумча маалымат берилерин убадалады.

Булак: Спутник

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу