Жигитим 22де болсо дагы, апасы менен чогу жатат экен. Ага турмушка чыксам апасы менден кызганбайбы?

Жигитим 22де болсо дагы, апасы менен чогу жатат экен. Ага турмушка чыксам апасы менден кызганбайбы?

16-бирдин айы, 2022-ж // // Айпери Осмоналиева

Саламатсыздарбы сураныч чыгарып бериңизчи. Мага аябай кеңешиңиздер керек. Анда сөз башынан болсун.
Мен өзүмдөн 2- жаш чоң жигит менен сүйлөшөм жашым 20 да. Жигитим үй-бүлөдө жалгыз уул атасыз өскөн жана анын 2 эжеси 2 карындашы бар. Бир карындашы мени менен тең азыр эле мени жеп алчудай жек көрөт. Айтор ал мени эле эмес өз семьясында тажатып жүрөт экен. Менин ата-энемдин каршы чыгып жалгыз уулга турмушка чыкпайсын дегенинен улам урушуп бир жигит менен 2 ай сүйлөшүп кайра өз жигитим менен сүйлөшүп алганмын. Жигитимдин жашы 22 болсо да апасы менен чогу жатат экен. Мен бул убакка чейин сүйлөшкөн жигиттеримдин бирин жашырбай айтып берем чынында. Корккон жерим эртенки күнү апасы жигитимди кызганып алсачы мен айтып жүргөн жигиттерим өзүмө муш болбойбу. Негизи ичпеген чекпеген эле жакшы жигиттей көрүнөт, бирок турмушка чыккандан кийин баары өзгөрөт дейтко ошол чынбы.????