Ой тобо! Себи аз келинин кетирген кайын эненин окуясы…Сиз бул окуяга кандай карайсыз?

Бул жолку чыгарылышта, келинин «себиң аз экен» деп кетирип жиберген кайын эненин окуясы баяндалат.

Салам bilesinbi.kg! Силер менен жакында көчөбүздө болуп өткөн окуя менен бөлүшкүм келди. Өкүнүчтүүсү ушундай аялдардын айынан канчалаган кыздарыбыздын тагдыры бузулуп жатат. 

Сеп үчүн деп эки бөлмөнү бошотту

Айылда турабыз (кайсы жер экени сыр болсун). Кошунабыз Гүлсүн эже (аты өзгөртүлдү) «жакшы жерден келин алганы жатам»,- деп бир ай мурун айткан. Катуу даярданып жүрүштү. Күн сайын базарга барышат. Үйүн ремонттоп, «келиндин себи келсе бул жакка киргизебиз»,- деп эки бөлмөнү бошотуп коюшкан. Мен барып ал бөлмөлөрдүн точкаларын оңдоп бергем. 

Өздөрү колунда бар немелер. Балдары, күйөөсү баш болуп Гүлсүн эженин сөзүнөн чыкпайт.

Келинди кечинде алып келишти. Кошуналар түнү менен кызматта болдук. Таң эрте кетип баратсак, «эртең аялыңарды жибергиле, келинимдин себи келет, ачышып коюшсун»,-деген. 

«Алып кеткиле кызыңарды…»

Катуу чарчап, түшкө дейре уктап кетипмин. Аялым жулкулдатып, «Тур, тиги жакта ызы-чуу болуп жатат. Бас кеттик!»-деди. Көчөгө чыксак, Гүлсүн эженин үйүндө эл жык. Чуркап барсак, «Бергендери бир бөлмөнү да толтурган жок. Элге эмне дейм!? Арзан, жупуну бир нерселер. Мени шылдыңдап тоготпогону да, алып кеткиле кызыңарды»-деп бакырып жатыптыр. Келиндин жеңелери, «эл караткан бетибизди жер карата көрбөңүз»,- деп алдына түшүп жүрүшөт. 

Акырын басып барып, тиги эки бөлмөнү карасам, 15тей жер төшөк, төрт чоң жууркан, бир муздаткыч, кыздын сандыгы, 5-6 коробка идиш-аяк жана эки килем бар экен. 

Эжени сыйлабай калдым

Келинин кетирди. Эшигинин алдынан өтүп калсам, «биздин байлыкка көз арткандар экен, өлүгүңдү көрөйүндөр! Эптеп кызын жакшы жерге орноштурайын дешкен да «, -деп ар нерсени айтат. Өзүн актап жатат да.  

Тиги үйлөнүп ажырашкан баласы оозуна талкан салып алгандай болуп мостоюп жүрөт. Эки бөлмө ошол бойдон бош турат. 

БУЛАК   : bilesinbi.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу