Жез менен никелдин аралашмасынан жасалып, 5 миң даана чыккан. Салмагы 25 грамм, наркы 700 сом.
Улуттук банк 29-октябрдан тарта «Тарыхый окуялар» сериясынан «Чыңгыз Айтматов — 90 жыл» коллекциялык монетасын жүгүртүүгө чыгарат. Бул туурасында аталган банктын маалыматы кызматынан кабарлашты.
Ал залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык юбилейине арналган.
Выпуск коллекционной монеты «90-летие Чингиза Айтматова» Монетанын алдыңкы бетине Айтматовдун сүрөтү жана жазуучунун кол тамгасы түшүрүлгөн. Монетаны тегерете «Чыңгыз Айтматов – 90 жыл» / «Chingiz Aitmatov – 90 years» жазуусу орун алган. Ал эми оң тарабында тыйындын номиналы көрсөтүлгөн.
Монетанын арткы бетинин жогорку бөлүгүнө Кыргызстандын герби түшүрүлүп, Айтматовдун чыгармасындагы ак кеменин жана бугу эненин элеси тоолордун жана Ысык-Көлдүн сөлөкөтүнүн алкагында чагылдырылган. Ал эми төмөн жагында монетанын чыккан жылы көрсөтүлгөн (2018).
Ар бир монета акрил капсуласына жайгаштырылып, сертификаты менен өзүнчө кутучага таңгакталган.
Жез менен никелдин аралашмасынан жасалып, 5 миң даана чыккан. Салмагы 25 грамм, наркы 700 сом.
Учурда Кыргызстанда жана дүйнөнүн бир топ жерлеринде Айтматовдун 90 жылдыгы кеңири белгиленип жатат.
Булак: Спутник