Жеңиш Разаков эмне себептен отставкага кеткендигин айтты
11-бирдин айы, 2020-ж // //Вице премьер министр Жеңиш Раззаков эмне себептен кеткендигин айтты:
«Үй-бүлөлүк себептерден улам кызматтан кетүүнү чечтим. Үй-бүлөнү дагы карап коюшум керек. Ошондуктан ушундай чечим кабыл алдым. Азырынча мамлекеттик кызматтардан алыс болуп турам. Ал сындар боюнча өзүңөр билесиңер да. Жогорку Кеңештин пленардык жыйындарынан, тармактык комитеттерине барып, түшүндүрүп айттык. Мага каршы чыгып жаткандарды көрүп жатасыңар, бирөө соттолуп кетүүдө, башкасын жарандык тартипте сот менин пайдама чечип берип жатат. Эми айтылгандын баары фейк, жалган маалымат да. Мен аны эсепке алган жокмун», — деди Разаков.