Жүзүн алмаштыруу: Кейтинин тарыхы

Кейти Стабблфилд бетинен ажыраганда болгону 18 жашта болчу. Дарыгерлер анын өмүрүн сактап калышкан. Бирок ал таптакыр башка адамдын жүзү менен жашайт. National Geographic журналы 22 жаштагы кыз бетин калыбына келтирүү үчүн кандай оор операцияны баштан өткөргөнүн жазып чыккан.

Кейти операция болгон Огайо штатындагы ооруканага журналисттердин кирүүсүнө уруксат берилген. Анда Кейти 21 жашта эле.

Аны операцияга даярдап жатканда корреспондент жана фотограф жанында болгон. 31 саатка созулган операциянын жыйынтыгына дагы күбө болушкан.

National Geographic журналы.Image captionNational Geographic журналы.

«Беттин тарыхы» деп аталган макала журналдын сентябрдагы санына басылып чыккан. National Geographic ошондой эле Кейти тууралуу документалдык тасма тарткан.

2010-жылы Испанияда алгачкы жолу бетти алмаштыруу операциясы жасалып, 40 киши мындай процедурадан өткөн.

Бирок Американын камсыздандыруу ишканалары трансплантациянын мындай түрү үчүн каражат төлөп бербейт. Анткени келбетти алмаштыруу азыркы күнгө чейин эксперименталдык деп эсептелет.

Кейтинин операциясы үчүн кеткен чыгымды согушта жарадар болгон аскерлердин ден-соолугун калыбына келтирүү боюнча куралдуу күчтөрдүн Институту төлөп берген.

Кейтинин жаштыгын жана алган жаратын эске алуу менен ага операция жасоо туура чечим болгон.

Ага 2017-жылы баңгизаттан ууланып каза болгон 31 жаштагы Адрэа Шнайдер донор болгон.

Маркумдун бетин Кейтиге отургузуу үчүн анын чоң апасы Сандра Беннингтон уруксат берген жана операциядан соң Кейти менен жолуккан.

Image captionСандра Беннингтон маркум небересинин жүзүн Кейтиден көрүү үчүн ооруканага келген.

Кейтинин айтымында, ал өз жанын өзү кыюу аракетин көргөнгө чейинки жашоосу элес-булас гана эсинде. Ал өмүрүн кыюуга аракеттенүү менен бетин абдан чоң зыянга учураткан. Анын мурду, чекеси, ээги, мээси жана көзү катуу жабыркаган.

Алгач кыз Миссисипиде дарыланган, андан соң, Теннессиге которулган, соңунда орган алмаштыруу боюнча заманбап деп саналган Огайо штатындагы Кливленда ооруканасында дарыланган.

Кейти бетин алмаштыраардан мурун ага 22 жолу пластикалык операция жасалган. Анын жабыркаган органдарын калыбына келтирүү үчүн денесинин башка мүчөлөрүнөн булчуңдар алынган.

«Мен трансплантация деген эмне экенин билчу эмес элем. Ата-энем мага маалымдаганда, жакшынакай келбетке ээ болоорумду жана жашоом өз калыбына келээрин эстеп абдан сүйүндүм», — деди Кейти.

Image captionКейти ата-энеси менен.

Ал операцияны бир жыл күттү. Ар кандай себептерден улам табылган эки донор ага туура келбей калды. Соңунда 2017-жылдын майында ал жүзүн алмаштырды.

Кейти оозунан жарат алгандыктан азыр деле жакшы сүйлөй албайт. Эми ал бетинин саламаттыгын камсыздоо үчүн өмүр бою дары-дармектерди колдонуп турат.

Экинчи мүмкүнчүлүк

National Geographic журналына берген маегинде кыз колледжге тапшырып, психолог болууга умтулуп жатканын айткан.

Ошондой эле ал өспүрүмдөр менен маектешип, аларга өз өмүрүнө өзү кол салуу туура эмес экени, жашоонун баалуулуктары тууралуу айтып бергиси келет.

«Мага көптөр жардам берди. Эми мен аларга көмөктөшкүм келет», — деди ал.

Пластикалык хирург Брайан Гастман медицинанын жардамы менен Кейти экинчи мүмкүнчүлүккө ээ болгонун айтты.

«Баарынан дагы Кейтинин бактылуу болуусун каалайм. Бул эң башкысы. Ошондой эле анын турмуштан өз жолун таап кетүүсүн үмүттөнөм. Андан соң ал кыйынчылыктарга карабай күчтүү болуу кандай болоорун башкаларга айтып бермек»,- дейт дарыгер.

Булак: БиБиСи 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу