Коом

Жасмин Айсулуу Тыныбекова менен сүйлөшүп жатып ыйлап жиберди

Социалдык тармактарда Талас жергесинин кичинекей Жасмин аттуу кыздын күрөшүп, атаандашын бир нече жолу оодарганы тууралуу видеосу тарап, ал коомчулуктун кызыгуусун арттырган.

Кийинчерээк видео менен Олимпиада оюндарынын күмүш медалынын ээси Айсулуу Тыныбекова инстаграм баракчасынан бөлүшүп, Жасмин аттуу кызга байланыша тургандыгын убадалаган. Кечээ, Айсулуу Тыныбекова  менен жаш балбан кыз Жасминдин телефондон сүйлөшкөн видеосун апасы Зарина Миршакирова социалдык тармактардан бөлүштү берди.

Видеодо 9 жашар балбан кыз Айсулуу менен сүйлөшүп жатып ыйлап жиберген. Сүйлөшүү 10 мүнөттөй болгон. Ал убакыт аралыгында Тыныбекова Жасминге кеңеш менен кошо мотивация берген. Сүйлөшүүдө Айсулуу Тыныбекова Ысык-Көлдөгү машыгуулары бүткөн соң, өспүрүм менен көзмө-көз кездешээрин убадалаган.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *