Атамбаевдин дагы бир тарапташына козголгон ишке Финпол түшүндүрмө берди.

Мурдагы депутат Мээрбек Мискенбаевге карата кылмыш иши алдамчылык фактысы боюнча козголгон. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы мамлекеттик кызматынан маалымдашты.

Финполдон билдиришкендей, Мискенбаевдин субъективдүү ою объективдүүлүккө жатпайт.

«Алдамчылык фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинде саясий боек жок. «Айкөл Ала-Тоо» коомдук бирикмесинин өкүлү Марипа Алайкулова 2016-жылы эле коомдук бирикменин жетекчилиги мыйзамсыз негизде акча каражатын өзүнө ыйгарып алганын айтып арыз жазган. Бирок белгисиз себептерден улам кылмыш иши токтоп калган», — деп айтылат маалыматта.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Канат Исаевдин архивдик сүрөту Канат Исаевге карата козголгон кылмыш иши кыскартылды. Ошондой эле Алайкулованын 2016-жылы Башкы прокуратура менен УКМКга жолдогон арыздары жаңы козголгон кылмыш иштин материалдарына тиркелгени белгиленди.

«Үстүбүздөгү жылдын июнь айында Алайкулова кайрадан Финполго арыз менен кайрылды. Ушундан улам кылмыш ишин токтотуу боюнча материал четке кагылган», — дешти маалымат кызматтан.

Учурда Экономикалык кылмыштуулукка каршы мамлекеттик кызматы буга чейин козголгон иштин токтотулушу канчалык мыйзамдуу болгонун текшерип жатат.

БУЛАК:sputnik.kg

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу