Эмне себептен баш ооруйт?

Баш оору көйгөйүнөн аналгин ичип арыла албайсыз. Себеби баш оору башка оорулар козголуп жаткандыгынан кабар берет. Бул туралуу кененирээк невролог Ирина Василенко маалымат берет.

Жаштар менен өспүрүмдөрдө баш оору көйгөйү көп кездешет. Өспүрүм курак өзгөчө мезгил. Бул учурда жаралган оорулар горманалдык активдүүлүктөн улам пайда болот. Кийин өспүрүм курак өтүп гормондор тынчтанганда сыркоолордун белгилери жоголуп кетиши керек. Бирок көбүнчө өтпөй, чоң адам болуп калганга чейин барат. Жаштарда баш оору көйгөйлөрү кайдан келет экен деп профессорлор менен изилдөө жүргүзсөк, баары бала энесинин курсагында жаткан маалдан башталаары анык болду. Эне көп ооруп, абалы начар болсо, төрөт оор өтсө сөзсүз түрдө түйүлдүктөгү балага таасир берет. Кичинекейинде билинбей, өспүрүм куракка келгенде сыртка чыга баштайт. Алсак бизге “башым ооруп жатат” деп келген өспүрүмдөрдү текшерсек, баш ооруну козгогон башка түрдүү дарттар аныкталат.

Баш оорунун себептери көп. Айрымдарына токтолсок:

  • Остеохондроз
  • Кан айлануунун бузулуусу
  • Түрдүү жаракаттар
  • Баш сөөк ичиндеги кан басым
  • Вирустук инфекциялар
  • Мээнин толук азыктанбашы жана башка дегендей.

Бизге 16 жаштагы бала баш оору көйгөйү менен кайрылды. Эмне себептен ооруп жатат десек жөн эле деп айтты. Бирок биз изилдеп, текшерип олтуруп, ал 2 жыл мурун бокс менен машыкканын билдик. Машыгуу учурунда ур-соккудан улам омурткалар жана моюн омурткасы жылып, жаракалар кетип, башта шишик пайда болгон. Бала буну билген эмес. Кийин сасык тумоо оорусу менен ооруган. Жыйынтыгында 2 жылдан кийин баш оору белгиси менен оору күчөп баштаган.

Андыктан жөн эле башым ооруп жатат деген нерсе жок. Сөзсүз түрдө бир себеби болот. Ар бир адамда ар башка. Аларды текшерип, анализдерин албайын бир нерсе деп айтууга болбойт.

Өз алдынча ооруну басаңдатуучу дарыларды, аналгинди ичүүгө тыюу салынат.

Башыңыздар ооруп жатса же бир жаракат алсаңыз, сыркоолоп калсаңыз өзү өтүп кетет деп олтура бербестен тезинен дарыгерге кайрылыңыздар.

БУЛАК: bilesinbi.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу