Ноокатта 9-класстагы окуучу кызды эки киши уурдап, укол сайып, чачын кыркып кетишти

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

 Ноокат районунун Көк-Бел айыл өкмөтүнө караштуу Кайыңды айылында 9-классты аяктаган окуучу кызга 2 киши белгисиз укол сайып, чачын кыркып кетишти. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.
Кыздын атасы А.Н. ал кишилердин максатын, кызына кандай укол сайышканын биле албай жатканын, окуя кандай болгонун айтып берди.
«Кайыңды айылына Папан тарап менен барат. Бирок Ноокатка карайт. 28-март күнү үйүмдө конокторду сыйлап, эми узатайын деп калгам. Саат 15:30дан өтүп калганда жабырланган кызымдан кийинки кызым келип, «Батма (аты өзгөртүлдү) жок» деп калды. Бизден бир аз алысыраак жакта агам жашайт эле, алардыкына кеткен го деп ойлодук. Бирок ал жакка адам жиберсек, алардын үйүндө да жок экен. Конокторум да баары угуп, дароо жөнөп калышты. Менде кызымды ала качып кеткен окшойт деген гана ой болду. Борбордук айылга унаам менен туугандарды алып жөнөдүм. Жолдо аларга «айылга силер бара жатасыңар го, эгер атамдын үйүнө алып качкан адамдар барып калса, кызды тез алып келип коюшсун» дедим дагы, мен өзүм артка кайттым. Үйгө жакындаганда эле ызы-чуу, ыйлаган үндөр чыгып калды. Тосмодон кантип секирип өтүп жетип барганымды билбейм. Кирсем кызым шок абалда, чачы кыркылган, суу абалда турат. Сүйлөй да албадым, дароо райондук ооруканага алып жөнөдүк. Жолдон сурасам, бир киши сүйрөп барып тосмодон далдоо жакка алып өткөнүн, укол сайышканын айтып жатып өзүн жоготуп койду», – деди атасы.
Кыз атасына аны 56-58 жаштар чамасындагы киши чачынан сүйрөп, суудан алып өтүп, короо тарапка алып барып, тосмодон өткөргөнүн айтып берген. Ал жакта дагы бир киши күтүп турган. Ал «сен башкасын алып келип алыпсың го» деген. Кыздын сүйлөй албаган дудук эжеси бар. Андан соң сүйрөп барган адам кыздын чачын бычак менен кыркып, желим баштыкка салып, колунун эки тамырына укол сайышкан. «Бир аз уктаган соң кетип каласың» дешкен. Бири-бирине «бут кийимиңдин изине топурак сээп кой, бол унаа күтүп калды» деген сөздөрдү уккан. Алар кеткен соң, короодон селкана (тоодон сел келгенде тосуп калчу жер) тарапка чейин келип, жерге жатып калган. Жакын туугандарынын бири эшектеримди карышкыр жеп кетпесин деп айдаганы барганда көрүп, алып келген. Учурда шектүү катары 4 адам кармалды. Алардын бирөөсү үйүндө чай ичип жүргөн адам болуп чыкты.
«Кызымдан ооруканада анализ алышкан. Эртеси экспертизадан өткөрүштү. Шектүү катары биздин тоо жакта токойчу болуп иштеген кишини, дагы үчөөнү кармап, сурак алып жатышат. Кызымды кармап кеткен киши негизи көп жылдан бери ичкилик ичкен адам. Ал кызыма «эгер бирөөгө айта турган болсоң, иниңди майдалап союп салам» деп айтыптыр. Сурак учурунда тергөөчүлөр «ушул кишиби?» десе, коркконунан жок деп коюптур. Кийин жолдо бара жатып, «Ата, көзүмө иним эле көрүнүп туруп алды. Ошол киши болчу» деп жатпайбы. Менин 6 кыз, 2 уулум бар. Ошого корккон окшойт», – деди кыздын атасы.
Ош ОИИБдин басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев бул маалымат боюнча учурда иликтөө иштери жүрүп жатканын, психологиялык жана медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыкса толук маалымат бериле турганын айтты. Жабырлануучу кыздын айтканы канчалык деңгээлде чын же жалган экени эксперттер тарабынан аныкталып жатканын кошумчалады.
Аталган кыз 9-классты бүткөндөн кийин билим алган эмес. Быйыл 10-класстын окуучусу болмок.

 

Аргумент.kg