Жашым 36га келсе дагы турмушка такыр чыга элекмин. Эми күйөөгө тийе аламбы?

Жашым 36га келсе дагы турмушка такыр чыга элекмин. Эми күйөөгө тийе аламбы?

03-бештин айы, 2022-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

Саламатсызбы. Мен да бир кайрылайын дедим. Турмушка такыр чыга элекмин. 36 га келдим. Окуу, иш, акча деп жүрүп. Мурда бирөө менен таанышкам. Жашын калп айтып коюптур. 3 жолу 3 башка айтканынан калпычылар кереги жок дедим. Көп жалгыз жүрдүм. Анан дагы бирөө артыман чуркады 3 жаш кичүү, жакшы түшүнүктүү экен. Жактырдым, өзүм ак көңүл, урушуп коюп унутуп деле калам. Үйлөнөм дегенинен иштеп келейин десем сразу точка койду. Калп айтып кетип атасын деп чет жакка деп. Жакшы көргөн үчүнбү  бүттү дегенде жаман болдум. Кечирим сурадым унчукпай койду. Эми сиздерден сурайын дегеним чет өлкөлүк адам канча жылдан бери жүрөт артыман. Мен болсо кетип калган баланы жакшы көрүп, күтүп жүрөм. Кандай кылсам болот.. Башынан сүйүү өткөндөр түшүнөт деп ойлойм.