Башкы прокурор Зулушевдин отставкасын талап кылган Атазов “ойт” бергенде

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов “он жыл мамлекетти тоногон ууруларды коргоп жаткан генпрокурор Зулушев отставкага кетсин!” деп Фейсбукка жазган. Көп өтпөй өчүрүп салды. Сыягы, коркутуу болгон го? А болбосо эмнеге өчүрөт? Учурда башкы прокурор Курманкул Зулушевдин колунда эбегейсиз күч, майыштыра камап сала турган таасири бар да. Бир депутат кеп болбосо керек. Кызыгы, берегидей постту Атазов эмне максатта жазган? Чечмелеген жок. 

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg