Айсулуу Тыныбекова олимпиадада утулган индиялык балбан кыздан өчүн алды

Айсулуу Тыныбекова индиялык Сакши Малик менен Рио-де Жанейродогу Олимпиада оюндарында 3-орун үчүн кармашып жеңилип калган эле.

Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Азия оюндарынын жарым финалында индиялык Сакши Малик менен беттешип 9-7 эсебинде утуп алды. Бул туурасында Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.

Тыныбекова 62 килограмм салмак категориясы боюнча чыккан. Буга чейинки айлампаларда түндүк кореялык Жонг Сим Римди акыркы ыкманы жасап 6:6 эсебинде, андан соң кытайлык Руй Сю менен беттешип 3:0 эсебинде жеңип алган.

Кыргызстанская спортсменка Айсулуу Тыныбекова победила на полуфинальных соревнованиях по женской борьбе в рамках Азиатских игр Сакши Малик из Индии.

Азиатские игры 2018. Женская борьба до 62 кг. Полуфинал

Ал эми жарым финалда Рио-де-Жанейродогу Олимпиада оюндарында 3-орун үчүн кармашып жеңилип калган атаандашы индиялык Сакши Малик менен күч сынашты.

Оюндун алгачкы мүнөттөрүндө Айсулуу Тыныбекова алдыда бара жаткан. Бирок Сакши Малик күчтүүлүк кылып эсеп саны 6:6 болуп теңелди. Ал дагы бир ыкма жасап бир упай өйдөгө чыгып кеткен. Бирок мелдештин бүтөрүнө 20 секунд калганда Тыныбекова ыкма жасоого жетишип, кошумча эки упай алды. Анткен менен Индия тарап судьялардын Айсулууга берген упайын «туура эмес» деп арызданган, бирок калыстар тобу алардын даттануусун жүйөсүз деп таап Айсулууга дагы бир упай беришти. Ошентип кыргызстандык балбан 9-7 эсебинде жеңишти илип кетти.

Азия оюндары 18-августтан 2-сентябрга чейин Индонезиянын Жакарта жана Палембанг шаарларында өтмөкчү. Мелдештер спорттун 40 түрү боюнча өтсө, анын 32си олимпиадалык, сегизи олимпиадалык эмес түрлөрү. Жалпысынан 481 медаль комплектиси ойнотулат.

Ал эми кыргызстандык 150дөй спортчу спорттун 28 түрү боюнча күч сынашат (23 олимпиадалык, 5 олимпиадалык эмес оюндар).

Булак: Спутник

 

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу