Жаныбек Керималиев: “Жайыттар эч качан менчикке өтүп кетпейт”

Жаныбек Керималиев: “Жайыттар эч качан менчикке өтүп кетпейт”

15-чын куран, 2022-ж // // Айпери Осмоналиева

Жайыт жана асыл тукум мал чарба департаментинин директору менен маек.

— Жаныбек мырза, жайыт жөнүндөгү мыйзамга сиздер демилгелеген өзгөртүү депутаттар тарабынан каршылыкка тушугуп, экинчи окууга кайра кайтарылды. Ал өзгөртүүлөрдүн максаты эмне? Чын эле жайыттарды менчиктештирүүгө жол ачылып жаткан жокпу?

— Биз айыл чарба министрлиги тарабынан атайын кунары кеткен жайыттарга мониторинг жасап чыктык да, 474 миң гектарга жакын өндүрүмдүүлүгү аз жыйыттар бар экени белгилүү болду. “Кыргызгипрозем” институтунун адистери инвентаризация жүргүзүп, төрт облусту кыдырып чыгышты. Дагы үч облус калды.

Ошонун негизинде биз жыйыт мыйзамына өзгөртүү киргизүүнү, 500 миң гектарга жакын кунары качкан жайыттарды 5-20 жылга чейин өздөштүрүүгө берүүнү сунуштап жатабыз. Кээ бирөөлөр айтып жатышпайбы, “менчикке өтүп кетет” деп. Менчикке өтпөйт. Себеби, жайыттын түрү өзгөртүлүп, анан өздөштүрүлөт.

Башка түргө өткөндөн кийин ал мамлекеттик фондунун жерине кошулат. Райондо комиссия түзүлүп, ага акимдин орун басары, жайыт пайдалануучулардын, коомдук фонддордун өкүлдөрү, айылдык кеңештин депутаттары мүчө болуп киришет.

— Ал жерлер качандыр бир кезде кайра кайтарылабы?

— Жыйырма жылдан кийин дагы иштетем десе, мөөнөтүн узартып, иштесе болот. “Жок, эми иштетпейм” десе, кайра кайтарылып, мамлекеттик фондго кошулат. Менчикке өтүп кетпейт.

— Агрардык комитеттин депутаттары “азыркы мыйзам деле өздөштүргөнгө мүмкүнчүлүк берет” деп атышпайбы?

— Жок. Азыркы мыйзам мүмкүнчүлүк бербейт. Жайыт мамлекеттик менчик болгондон кийин ал арендага, субарендага берилбейт. Демек, өздөштүргөнгө болбойт. Бал аарычылыкка, дары чөптөрдү чогултууга деген сыяктуу 5 ишмердүүлүккө гана уруксат берилет.

— Жайыттарды калыбына келтирүүнүн башка да жолдору барбы? Мисалы, эс алдырып дегендей?

— Аны пастбищеоборот деп коёбуз. Асылдуулугу жакшы жайыттарды бир-эки жылга эс алдырса, калыбына келет. Азыр илим изилдөө институту менен бирдикте кунары кеткен жайыттарга жаңы үрөндөрү септирип, жакшыртуунун үстүндө да иштеп жатабыз.

Булак: Азия News гезити