Кыргызстан бактылуу өлкөлөр рейтингинде 13 позицияга артка чегинди

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Норвегия дүйнөдөгү эң бактылуу өлкө деп табылды. Ал эми Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен бактылуулук жагынан биринчи орунда Өзбекстан турары белгилүү болду.

 АКШдагы Колумбия университетинин аналитиктери уюштурган Бактылуу өлкөлөр рейтингинде Кыргызстан артка чегинип, 98-орунга илинди.
Рейтингди түзүүдө алты факторго көңүл бурулат: ички дүң продукциянын жан башына болгон көлөмү, күтүлгөн жашоо узактыгы, оор кырдаалдарда социалдык жөлөк, өкмөткө ишеним, чечим кабыл алуу эркиндиги жана марттык. Бишкектин жолунда бараткан аял киши. Архивдик сүрөт Рейтинг: Кыргызстан кайрадан 50 жакыр өлкөнүн катарына кирди.

Бул жылы аналитиктер 155 мамлекетти иликтөөгө алды.
Жыйынтык боюнча Кыргызстан былтыркыга салыштырмалуу 13 позицияга артка кетти. Бирок бактылуу 100 өлкөнүн арасында калды. Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Өзбекстан алдыда, ал 47-орунда. Бул өлкөдөн кийин Түркмөнстан, Казакстан жана Тажикстан турат.
Ал эми дүйнө жүзүндө эң бактылуу өлкө деп Норвегия табылды. Аны менен катар Дания, Исландия, Швейцария, Финляндия, Канада, Жаңы Зеландия, Австралия жана Швеция турат.
Эң бактысыз өлкө деп Борбордук Африка Республикасы табылды.
Булак:Спутник

Аргумент.kg