Айбек Карымовдун «Жок, Илим мырза мынчалыкка барбайт!» деген үмүтү таш каптыбы?

Ырчы Айбек Карымов сахнадан алыстагыны менен коомдогу актуалдуу маселелерден артта калбай өз пикирин билдирип келет. Ал  кечээ Илим Карыпбеков 2-мөөнөткө барбайт деген мааниде:

«Илим Карыпбеков КТРКнын башчылыгына талапкерлигин дагы бир мөөнөткө коет деген имиш сөздөргө: «Талкууларга ишенбей турам. Бул жөн эле ушак. Илим мырза деген бул жигитче сүйлөп, кайра койбойм деп жаткан соң жигитке ишенишибиз керек да. Элибиздин төбөсү көрүнгөн ар бир жигити ушинтип радиого барып алып коомчулукка сүйлөгөн сөзү башкаң кылган иши башка боло берсе, жараша береби? Коомчулукка айтылып калган соң, Жок! Илим мырза мынчалыкка барбайт!  Андан көрө татыктуу бирөөнү күтөлү. Андан көрө достор, Сиздерге айтаарым, өткөндө байкоочу кеңешке ызы-чуу менен келген табышмактуу айым тууралуу сүйлөшсөк болот эле го. Президентти да президентибиздин инисин да элге жаман көрсөттү го! 18-февралда отурум болот ал жөнүндо ошондо сөз кылам!», -деп фейсбуктагы жеке баракчасына пост жазып чыккан эле.

Бүгүн Илим Карыпбеков экинчи мөөнөткө бараарын айтып чыкты.

Көпчүлүк эми Карымовдун үмүтү таш капты деген пикирлерин айтууга өтүп, Карыпбековдун бул чечимин сынга алашууда.

БУЛАК:barometr.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу