“Каныбек Иманалиевдин министр болушу менен камактагылар эркиндикке чыгышса…”

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

“Оппозиционер саясатчы Каныбек Иманалиев билим берүү жана илим министри болду. Бул тармакта канчалык деңгээлде реформа жасайт? Улуттун келечегин көтөрө алабы?” деген собол таштадык.

Туйгунаалы Абдраимов, коомдук ишмер:

— Мамлекеттин келечегинин фундаменти – билим берүү системасы. Билим берүү системасы азыр оор абалда. Ушундай учурда Каныбек Иманалиевдин министр болуп дайындалышы мен үчүн чоң үмүттү жаратат. Ал кызматтын баардык тепкичтерин басып өткөн тажрыйбалуу кадр. Чыгармачыл адам катары дагы көп жакшы китептерди чыгарды. Бийликтин бул тандоосу абдан туура болду. Негизи, президенттин акыркы кадамдары туура болуп жатат: Алмазбек Атамбаевдин дарыланууга чыгышы, экс-президенттердин жолугушуусун уюштурганы (алар жарашабы же жарашпайбы башка маселе), дайындалып жаткан жаңы кадрлар.

Учурдан пайдаланып, президентке бир өтүнүч менен кайрылып кетпесем болбойт. Аялдардын эл аралык 8-март майрамынын алдында Кемпир-Абад окуясы боюнча абакта жаткан аялдарды үй камагына чыгарып койсо, кыргыз элинин келечеги үчүн тарыхый чечим болот эле…

Алмазбек Акматалиев, коомдук ишмер:

— Каныбек Иманалиевди биз депутат катары гана билебиз. Бирок, ал киши саясый илимдердин доктору, Кыргыз-Орус славян университетинин проректору болуп иштеп кеткен. Министр – бул саясый кызмат. Ал жерде ийгиликтүү иштеш үчүн лидерлик касиеттер, саясый тажрыйба, чечкиндүүлүк, системдүү ой жүгүртүү, улутмандык керек. Бул сапаттар Каныбек мырзада бар. Бүгүнкү Жогорку Кеңештин комитетинде айткан ойлору, көз караштарынын басымдуу көпчүлүгү колдоого татыктуу. Оппозиция-пропозиция деген түшүнүктөр Каныбек мырзаны министр кылып дайындоо менен бүттү. Министрлер кабинети – бул коллегиалдык орган, аны да туура түшүнүшүбүз керек. Себеби, билим тармагынын ийгиликтүү өнүгүүсү тек гана билим министрине байланбайт. Бул бүт тармактардын тагдырын чечүүчү, өзгөчө мааниге ээ тармак. Курулушчулардын жакшы сөзү бар, “бог создал строителя, а строитель создал все остальное” деген. Мен айтаар элем, “бог создал сначала учителя, а учитель потом создал и строителя, и врача, и инженера, и дипломата, и ветеринара…

Алиясбек Алымкулов, Кыргыз Эл Баатыры:

— Аткаруу бийлигиндеги эң оор, жоопкерчилиги көп бул билим берүү жана илим министрлиги болуп эсептелет. Педагог катары, илимпоз катары Каныбек Иманалиев агайдын тажрыйбасын агартуу тармагына пайдаланып, сабырдуулук менен иштин көзүн таап, жолго салуусуна мүмкүнчүлүк берсек жакшы болор эле. Буюруп, жакшы ийгиликтерге жетип калса, жемиши элге, жарыгы жаштарга, кошумчасы коомчулукка тийет деп үмүт кылалы.

Абдыганы Эркебаев, коомдук ишмер:

— Каныбек Иманалиевдин бул жооптуу кызматка барганын туура көрөм. Муну президент Садыр Жапаровдун мурунку президенттер менен жолугуп, өлкөдө ынтымак, тынчтык орнотуу демилгесинин уландысы катары санайм. Анткени Каныбек Иманалиев чынында эле Садыр Жапаровго оппозициядагы саясатчы болчу. Ал таланттуу акын, жазуучу жана журналист, көп ирет Жогорку Кеңешке шайланган депутат, элге таанылган чечен саясатчы, саясат таануу боюнча илимдин доктору. Кезинде «Учкун» ишканасынын директору, Кыргыз-Орус славян университетинин проректору болгон. Демек, ар тараптан даярдыгы бар, мыкты адис-жетекчи жана кадр. Мен анын жаңы кызматты ийгиликтүү алып кетерине, элге, улутка күйөрүнө ишенем.

Абдылда Мусаев, коомдук ишмер:

— “Оппозиция-пропозиция”, “тигил жактык”, “бул жактык” деп кыргызды кыркка бөлүп отуруп, 30 жылда ушул акыбалга келдик. Экономикабыз, аны улай социалдык чөйрө жаңыдан боорун жерден көтөрө баштаганда элибиздин тың, билимдүү уул-кыздары биригип, ынтымакка келип, болгон күч-кубатты элди, мамлекетти көтөрүүгө жумшаш керек. Президентибиз Садыр Жапаровдун жүргүзгөн жигердүү саясаты ушу болуп атпайбы. “Ыркырашкан үйгө ырыскы конбойт” деп бекеринен айтылган эмес.

Ал эми Каныбек Иманалиевди тээ студент кезинен жакшы билем. Окуткан агайымын. Кыргыздын тың, билимдүү жигиттеринин бири, илимдин доктору, профессор, дасыккан саясатчы, таланттуу журналист, жазуучу. Билим берүү тармагын жакшы билет. Анүстүнө мугалимдин үй-бүлөсүндө, китептин арасында тарбияланган. Азыр да алты бир туугандын бешөө мугалим. “Жакшы тилек – жарым ырыс” жана министрге ийгилик каалайм. Деги эле жакшы сөз менен оозанып, ак тилекте жашайлычы. “Кудай тилегениңди берет” деп бекер айтылган эмес.

Бейшенбек Абдразаков, коомдук ишмер:

— Каныбек өзү илим-билимдүү, маданияттуу, кыргыздын салтын, наркын, тарыхын жакшы билет. Саясатта да бышты, төрт жолу депутат болду. Турмуштун ачуу-таттуусун, бийликти, оппозицияны да көрдү. Эң жакшысы, тажрыйба чогултту.

Биздин илим, билим министрлиги 30 жылдан бери жакшы каралбай калды. Эң негизгиси, дүйнөлүк системадан, жаңы технологиядан, жаңы билим берүү, салттуу билим берүүдөн артта калды. Союз убагында бизди 70 жыл “атаңар Ленин” деп окутту, биз 70 жыл “атабыз Ленин” деп жүрө бериптирбиз. 70 жылдан кийин билдик атабыз Ленин эмес Манас экенин. Эми жаңы Алиппе чыгарып, Манастын сүрөтүн коюп, “атабыз – Манас, улутубуз – кыргыз” деп жаңы муунду жаңыча окуталы, керек болсо орхон-энесай жазма тамгасында кыргызча окуталы.

30 жылдан бери бир даана кыргыз тиркемелери чыгарылган жок. Биздин балдар чет элден экспортко келген интернеттеги бок-сак менен тарбияланып, тилдери орусча, англисче чыгып жатат, бир муундан ажырап калдык. Эми Каныбек Капашович жаңы, заманбап турмушка жооп бере турган реформаларды жасаса, миңдеген кыргыз тилиндеги тиркемелерди чыгарып, жаштарды кыргызча сүйлөтүп, окутуп, жашоого үйрөтсө, реформатор министр катары тарыхта калат эле. Ийгилик каалап, жакшы тилек кылалы. Көптөгөн реформаларды күтөлү. Дүйшөндөй мугалим болсун!

Эмилбек Каптагаев, коомдук ишмер:

— Каныбек Иманалиевдин билим берүү министри болуп дайындалуусу коомчулуктун кызыгуусун жаратып, эки-үч күндөн бери талкуу болуп жатканы бекеринен эмес. Анткени ал элибизге аттын кашкасындай таанымал инсан, өз орду, өз пикири, өз жүзү бар. Албетте, бул дайындоо боюнча ар кандай пикир айта берсе болот, ыгы барын деле, ыгы жогун деле. Бирок, мен туура эле көрдүм. Каныбектин саясатта дагы, коомдук иштерде дагы, журналистикада дагы, илимде дагы, билим берүүдө дагы тажрыйбасы зор. Эгемендик алган отуз эки жыл коом менен кошо кайнап, кошо чайналып, кошо бышты десек болот. Бүгүнкүдөй кыйчалыш заманда реформаларды алга жылдыруу үчүн илим жана билим чөйрөсүндөгү мекендештерибизге дем берип, аларды жигердентүү, жаңычыл ишке үндөө үчүн Каныбектей таанымал, билимдүү, тажрыйбалуу, анан дагы ойду так, таасын жеткире ала турган чечен инсан керек го дейм. Калганын мезгил, иштин жыйынтыгы көрсөтөт. Тармак оор, чечиле турган көйгөйлөр толтура. Ошондуктан Каныбек Капашович өзү макул болуп, белсенип киришип жаткан ишине ийгилик каалайм!

Алмаз Кадыралиев, экономика илиминин кандидаты, доцент, КЭУнун ректору:

— Каныбек Капашовичти мурунтан саясатчы, жазуучу, лидер жана Кыргызстандын патриот мырзасы катары билем. Бирок, бүгүн биз министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Үсөнбековичтин катышуусунда министр Иманалиев менен жолугушуу өткөзүп, Каныбек агабыздын билим жана илимге болгон көз карашын жана алдыга койгон максаттарын угуп, абдан көңүлүбүз толуп, буюрса келечекте жакшы өзгөрүүлөр жана жыйынтыктар болоруна көзүм жетти. Эң негизгиси, Каныбек Капашовичтин келиши менен мугалимдердин даражасы мындан да жогорулап, эл арасында бийик абройго жетет деген ишенимдемин. Президентибиз ушундай мыкты кадрларды тандап, билим жана илимге өзгөчө көңүл буруп жатканына ыраазычылык билдиребиз.

Сурат Жылкычиев 

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg