Жанар Акаев: “Дайыма адилеттүүлүктү жактаган, элдин сөзүн сүйлөгөн фракция катары калабыз”
07-жалган куран, 2022-ж // // Айпери Осмоналиева— Жанар мырза, эң оболу “Альянс” фракциясынын лидери болуп шайланышыңыз менен куттуктайбыз! Айтсаңыз, лидердин алмашышы менен фракциянын багыты, позициясы да өзгөрүшү мүмкүнбү?
— Биздин багыт өзгөрбөйт. Бирок, министрлер кабинети тарабынан чоң стратегиялык каталар кетсе, элге каршы чечимдер кабыл алынса, өзүбүздүн сын пикирибизди түз айтууга дайыма эркибиз да, күчүбүз жетет. Дайыма адилеттүүлүктү жактаган, жакшы сунуштарды, прогрессивдүү мыйзамдарды киргизген, элдин сөзүн сүйлөгөн фракция катары калабыз. Ошого аракет кылабыз.
— Мурдагы лидериңиздер Алтынбек Сулайманов Ысык-Көл облусуна жетекчи болуп кетем деп ойлобосо керек эле. Бир күнү сизге да ошондой сунуш болуп калса, жаңы кызмат аркалаганга даярсызбы?
— Министрлер кабинетинин курамына барууга, биринчиден, мага сунуш боло элек, өзүм да азырынча ойлонуп көрө элекмин. Алтынбек Сулайманов Ысык-Көл облусуна ыйгарымдуу өкүл болуп кетти, партияны түзүүчүлөрдүн башында тургандардын дагы бири Мирлан Жээнчороев парламентке али келе элек (кезек аз калды). Ошон үчүн мен Жогорку Кеңеште туруп турушум керек. Бирок, эгер элге пайдам тийе турган сунуштар болсо, аны да ойлонобуз.
«Азия Ньюс» гезити