СҮРӨТ- “Унаа экиге бөлүнүп калган” Түптөгү жолдо эки жигит каза тапты

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Түп районунда жол кырсык катталып, 2 киши каза тапты. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалым болгондой, 16-июнда түнкү саат 01:00 чамасында Балыкчы—Ананьев—Каракол унаа жолунун 187-чакырымында «Субару Легаси» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, жол кырсыгына кабылган. Кырсыктын кесепетинен Каракол шаарынын 1992-жылкы Р.К аттуу айдоочусу жана Күрмөнтү айылынын 2002-жылы туулган К.у.Б. атту тургуну каза тапкан. 2002-жылы туулган К.А. аттуу жигит жаракат алды. Ал тез жардам кызматы аркылуу ооруканага жеткирилди. Ал эми окуя болгон жерде каза тапкан жарандар унаадан чыгарылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Окуя болгон жерге 4 куткаруучу барган.

Сүрөттөргө караганда, автоунаа жолдон чыгып кеткенден кийин бакты сүзгөн. Катуу соккудан улам унаа экиге бөлүнүп калган.

Фото МЧС КР

 

Аргумент.kg