Ишканамды тарттырып жибердим

Биздин редакцияга жеке ишкер Мамарасулов Акмалжан Илгашович акыйкат издеп кайрылып калды.
Маселенин чоо-жайы төмөнкүдөй экен. Акмалжандын айтымына караганда, ал бир топ жылдан бери таштандыны кайра иштетүү боюнча идеясын ишке ашырууга аракеттенген. 2013-жылдан баштап унаалардын эски дөңгөлөктөрүн кайра иштетип, майдаланган резинаны балдар ойноочу жана спорттук аянтчаларга төшөлчү материалдарды даярдап чыгара баштаган. Өндүрүштүн көлөмү адегенде анча чоң эмес болчу аны кеңейтүү максатында акча каражатын издеп калган. Ал Кытайга барып ишкана жабдууларын алып келет, аны төлөш үчүн өз үйүн жана чогуу иштеген Рахманов Абдулланын үйүн күрөөгө коюп банктан насыя алышты. Абдулла насыя алаардын алдында ишкананы толугу менен досу Түркеев Султанга өткөрүп берүүнү талап кылды. Акмалжан бөлөк айласы жок болгондуктан макул болду. Ишкана толук бүттү, продукция чыга баштады. Түркеев Султан ишкана ээси болуп, ал эми Акмалжан баш директору болуп иштеп жатышкан. Акмалжан карыздап акча таап кеткен чыгымдардын бир тобун төлөп кутулду. Ошонун эртеси Рахманов Абдулла өзүнүн “Линг” деп аталган күзөт агенттигинин адамдарын коюп Акмалжанды жана аны менен чогуу иштегендерди ишкананын ичине киргизбей койду. Бул окуя ушул жылдын 28-августунда болгон. Эки ай өткөндөн кийин жакында эле Акмалжан Мамарасулов күч органдарына арыз менен кайрылды. Бүгүнкү күндө анын карыздары көп, жашоо турмушу дагы оор ахыбалда турат.

Биз Акмалжан Мамарасуловдун айткандарын тизмектеп баяндадык экинчи тарабына да сөз берүүгө даярбыз. Биздин оюбузча баардык маселе мыйзамдык негизде чечилиши керек.

Бизнесмен из Бишкека наладил переработку шин

Бизнесмен из Бишкека наладил переработку шин

Бизнесмен из Бишкека наладил переработку шин

Бизнесмен из Бишкека наладил переработку шин

Бизнесмен из Бишкека наладил переработку шин

Булак: Argument.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу