Турсунбек Акун: “Текебаевдин мандаты башында эле мыйзамды бузган”

Турсунбек Акун: “Текебаевдин мандаты башында эле мыйзамды бузган”

04-жалган куран, 2021-ж // // Айпери Осмоналиева

Экс-акыйкатчы Турсунбек Акун кече болуп өткөн Өмүрбек Текебаевдин депутаттык мандаты тууралуу өз пикирин билдирген. Анын пикиринде Жогорку Кеңештен кайрадан мандат алуу процедурасы башынан эле бузулган, шайлоо тизмесиндеги катар га туура келбей калган. Кезек аягына чыккандан кийин гана Текебаев кайра башынан мандат алууга укуктуу болмок. Жободо ушундай жазылат-дейт. «Текебаевдин иши боюнча сотко кысым болду деп айтууга болбойт. Сот мыйзам чегинде чечим чыгарды. Борбордук шайлоо комиссиясы депутаттык мандатты берүүдө ката кетирип алса керек. Бул жерде авторитетке эмес, мыйзамга караш керек», — дейт Турсунбек Акун. Ошондой эле ал Текебаевдин парламентте депутат болуп турганы Жогорку Кеңешке чон салымын салып, тажрыйбалуу депутат кай бир маселелерди мыйзам чегинде карамактыгын билдирди.
ARGUMENT.KG