Жогорку Кеңештин «Бир Бол» фракциясынан депутат Аскарбек Шадиев жана жакындары мүлкүнүн бир бөлүгүн кылмыш иши козголгонго чейин, тагыраагы, 28-апрелге жетпей сатып, башкаларга каттатып коюшкан. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.
Иликтөөнүн жыйынтыгында депутаттын кайсы мүлкү камакка алынганы айтылат.
УКМКнын маалыматына караганда, мүлктү сатыкка коюу 11-апрелде, депутаттын банктагы эсептери камакка алынганда башталган.
Үй, унаа, фирмалар, Шадиевдин УКМК камакка алган мүлкүнүн тизмеси жарыяланды.
Шадиев 6-апрель күнү кызматтан кетүү боюнча арызын жазан. Анын жумуштан кетүүсүнө Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коопсуздук жана коргонуу комитетинин бөлүм башчысы Арсен Закиров алып алды делген 2 миллион сомго байланыштуу козголгон кылмыш иши себеп болгон.
Ал эми 1-июнь күнү УКМК Шадиев 27-апрель күнү Баткен облусуна тууганын акыркы сапарга узатуу иш-чарасына катышканы барып, андан ары чек арадан мыйзамсыз өтүп кеткенин билдирген. Депутат дипломаттык паспортун пайдалануу менен Худжант — Москва каттамы менен учуп, андан соң АКШнын Нью-Йорк шаарына бет алганы белгилүү болгон.
Андан кийин Шадиевге каршы чек араны мыйзамсыз өтүү жана «криминалдык жол менен табылган каражатты мыйзамдаштыруу» беренеси менен кылмыш иши козголду.
БУЛАК: sputnik.kg