Молдокматов: “Бийлик күчүндө турганда катуу сын айткан саясатчыларды кол менен санап койсо болот”

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бийликтин ишин сындаган эрктүү саясатчылар аз эле- мындай пикирин саясатчы Жеңиш Молдокматов “АвторТв” медиа порталына берген маегинде билдирди.
Президент Жапаровго сын айтыңызчы- деп саясатчыларга барсаңыз эч ким айта албайт. Анткени бийлик күчүндө турганда сын айтуу ар бир эле саясатчынын колунан келе бербейт. Ал эми сын айткан адамдар ошол учурда бийликке да, элге дагы жаман көрүнөт. Бирок учуру келгенде ошол сын айткандардын ою чын болуп калат. Ошондо гана убагында айтылгандар туура болгонун эл түшүнөт.
Биз эки жыл мурун айткандар бүгүн чын чыгып атат да. Азыр деле биз катуу кысым, басымдабыз.
Оппозицияда болуу оңой эмес, биз президенттин көзүнө же кашына сын айткан жокпуз. Биз иштеген ишинин кемчилигин көрсөтүп атабыз. Сын айтканда катуу айтыш керек! Антпесең укпайт. Ал эми катуу сын айтуу үчүн ага эрк керек. Ал эми андай эрктүү саясатчыларды бүгүнкү күндө кол менен санап койсо болот
”-, деген саясатчы.

Маекти толугу менен шилтеме аркылуу көрүнүз https://youtu.be/qBQ7VTdkq9g

Аргумент.kg