Саясатчы Равшан Жээнбеков абактан чыкты

Саясатчы Равшан Жээнбеков абактан чыкты

27-бештин айы, 2021-ж // // Айпери Осмоналиева

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жеенбеков абактан чыкты. Бул туурасында анын жактоочусу Замир Жоошев билдирди.

Анын айтуусунда, саясатчыны жакындары жана санаалаштары тосуп алышкан.

Жээнбеков 2019-жылдын 7-8-августунда Кой-Таш айылындагы окуя боюнча айыпталып, №1абакка камалган. 2020-жылдын октябрындагы окуя учурунда эркиндикке чыгып, баш коргоо чарасы үй камагына өзгөргөн болчу.

Жээнбеков “Кой-Таш” окуясы боюнча айыпталып 2020-жылдын октябрындагы окуя учурунда эркиндикке чыгып, баш коргоо чарасы үй камагына өзгөргөн болчу.

Жаңы Жазык-процессуалдык кодекске ылайык, соттук териштирүү учурунда айыпталуучуну бир жылдан ашык тергөө абагында же үй камагында кармаса болбойт. Мындан улам сот камактан чыгаруу чечимин кабыл алган.