Текебаевге ырайым берүүгө Өмүркулов да макул
25-бештин айы, 2018-ж // //Экс-президент Роза Отунбаева мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековго кайрылып, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, “Ата Мекен” партиясынын абактагы лидери Өмүрбек Текебаевге ырайым берүүнү өтүнгөн. Бул демилгени ЖК депутаты Иса Өмүркулов да колдоду.
Эске салсак, Роза Отунбаеванын демилгесине Жогорку Кеңештин депутаттары А. Шыкмаматов, Б. Төрөбаев, А. Батырбеков жана Алтынбек Сулаймановдор кошулушкан.
Булак: Govori.tv