Коронавирусту өзү аныктай турган маска иштелип чыкты

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Окумуштуулар коронавирусту өзү аныктай алган бет кап ойлоп табышты. Бул тууралуу  The Straits Times  басылмасы жазып чыкты.
Маалыматка  ылайык, бет каптын ичиндеги датчиктер адамдын абалы, дем алуусу, жүрөгүнүн согушу, ошондой эле кычкылтек, кан басым менен дене табы тууралуу маалымат топтойт.

Андан кийин «акылдуу бет кап» маалыматтын бардыгын уюлдук телефондогу тиркемеге жөнөтүлүп, маалымат чыгат. Ал эми ден соолук боюнча көрсөткүчтөр жарым саат сайын жаңыланат.
«Датчиктер электрондук болгондугуна карабастан, аларды жууп, ал тургай бир бет каптан экинчисине такса болот. Датчиктердин сырты толугу менен нымга туруктуу болуп саналат» — деп айтат смарт масканын ойлоп табуучулары.
Мындай маска алгачкы этапта 36,5 долларга бааланары айтылат. Бирок окумуштуулар жапырт сатыкка чыкканда анын наркы төмөндөп, болжол менен 14 долларга алса болорун болжолдошууда.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg