Дайыны чыкпай калган депутат Эмил Жамгырчиев ЖКнын жыйынына келди

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев бүгүн, 11-январда парламенттин жыйынына катышып жатат. Ал бир ай мурун эмгек өргүүгө чыгып, муну атасынын ден соолугу менен байланыштырган.

Андан кийин УКМК тараткан малыматта депутат өлкөнүн аймагынан чыгып кеткени жана каякта экени тууралуу так маалымат жоктугу айтылган.

«Жамгырчиев мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүшү мүмкүн», — деп айтылган маалыматта.

Ал эми 27-ноябрда Жамгырчиев кыргыз-казак чек арасынан өткөрүлбөгөнү айтылган.

Аргумент.kg