Кечкээ, 29-ноябрда БШКнын алдына парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор чогулган. Ал пикетке “Ата мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев да катышкан.

Ал журналисттердин эгерде парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгып, кайра добуш берүү белгиленсе, ага мамлекет тарабынан дагы 600 млн сарпталышына ою кандай деген суроосуна “демократия чыгымды талап кылат”, – деп каршы эместигин кыйытты.

Белгилей кетсек, өткөн жылдын 4-октябрына белгиленген парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган. Ал эми мамлекет ар дайым кайра өтүүчү шайлоого бюджеттен чоң каражатты бөлүп турат.