Ташиевге «талак» берген Бабанов суудан дагы кургак чыкты

Ташиевге «талак» берген Бабанов суудан дагы кургак чыкты

Өткөнкү парламенттик шайлоодо  Өмүрбек Бабанов түштүктөн добуш топтоо максатында  Камчыбек Ташиевге куда түшүп, аны менен » никелешкени» белгилүу. Бирок суудан эшеги өткөн соң, «кайдан көрдүм кара эшек» дегендей, Камчыкеге талак берип, таалага таштап кеткен эле. Ичинде кеги калган Камчыке президенттик шайлоону күтүп отурса керек, өткөн апта соңу Бабанов бир нече адамдын башын кошуп, өзүн президенттике аттанаарын жар саалары менен аны сотко берээрин билдирди.
Бирок куулук-шумдук жагынан алдына ат  садырбаган Бабанов мунун да айласын табууга жетишти. Дегеним, Ташиевге ооз эки талак бергени менен алар ушул күнгө дейре мыйзамдуу «никеде» тургандыктан, «Республика- Ата журт» партичсынын атынан сьезд өткөрбөй, курултай өткөрүп, президенттикке өзүн-өзү көрсөтүп суудан кургак чыгып кетти.
Ошентип «атаңдын башы, бас, соттошобуз»- деп алкынып жаткан Ташиев бул жолу да, «уйдан жок же уйдан байлаган жиптен жок» дегендей оозун ачкан бойдон кала берди.
Булак: «Назарньюс»