Талас облусунун Кара-Буура районуна караштуу Аманбаев айылында жаңы оорукананын ачылышы болду.

Талас облусунун Кара-Буура районуна караштуу Аманбаев айылында жаңы оорукананын ачылышы болду.

13-теке, 2018-ж // //

Иш чарага Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков жана Кенжебек Бокоев баштаган Жогорку Кеңештин депутаттары катышышты.
Кенжебек Бокоевдун арты менен бул оорукана курулуп башталып, мына бүгүнкү күндө заманбап жабдыктар менен толтурулуп, ишке кирип жатат.
Президент оорукананын башкы дарыгерине 300 миң сомдук сертификат тапшырды.
Айылдыктар Президентке жаңы оорукана үчүн ыраазычылык билдиришти.
Маалымат иретинде:
Аманбаев айылындагы оорукананын жалпы сметалык наркы 65,6 млн сом, курулуш иштери 2014-жылы башталган. Ал кезде Кенжебек Бокоев 5-чакырылыштын депутаты болуп турганда капиталдык салымдарга киргизип, каражатын бөлдүрттүп берген.
Бүгүнкү күндө объекттин курулуш иштери толугу менен бүткөрүлүп, технологиялык жабдыктары орнотулуп, пайдаланууга берилди.
Жаңы оорукананын толук кандуу иштөөсү үчүн элүүдөн ашык штат ачылды, алардын 15и врачтар, 20сы орто медициналык кызматкерлер, 18и кенже медициналык кызматкерлер жана башкалар. Бардык статъялар жана айлык маяналар боюнча жыл сайын оорукананы кармоого бюджеттен 6 миллион сом бөлүнөт. Оорукана 14 айылдын элин сапаттуу тейлей алат.

БУЛАК:chyndyk.kg