Шаарды туура эмес окуган спикер дагы коомчулуктун сынына кабылды
09-бештин айы, 2019-ж // //Спикер Дастан Жумабеков сессияда шаарды туура эмес окуп алгандыгы менен коомчулуктун сынына кабылды. Тагырагы, ал 2017-жылдын 18-сентябрында Франкфурт-на-Майне шаарында кол коюлган “Агрардык өндүрүштүк-сатып өткөрүү байланыштарын каржылоо” долбоору боюнча Кыргызстан менен Германия өнүктүрүү банкынын (KfW) ортосундагы Каржылоо жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоорун да шар окуй албаганы аз келгенсип, шаарды туура эмес окуп алды. Франкфурт-на-Майне дегенди “Франкфурт жана Маяне” деп, “Маяне шаарында” деп дагы кайталаган. Ал социалдык тармакка тарап, “сабатсыз спикерди Атамбаев алып келди эле”,-десе, айрымдары “сүйлөгөндү айтасыңар, жазганда да ката жазат”,-дегендер да болууда…
Бул ачуу чындык. Спикерликке андагы президент Атамбаевдин алып келгени чын. Премьер-министрге кат жазгандагы катасы социалдык тармакка тараган. Бул факт. Спикерге жарыбай койдук го?..