Жубайлардын солго басканына эмне түрткү?

Батыш өлкөлөрүндө сексологго кайрылып, кеңеш алуу кадыресе көрүнүш. Ал эми бизде бул маселе жаатында бир аз мүчүлүштүктөр бар. Сексуалдык билим, төшөк маселесиндеги көйгөйлөр жана жубайлар ортосундагы мамилелер тууралуу И. К. Ахунбаев атындагы КММА медицина борборунун дарыгер сексологу жана сексопатологу Комаровер Илья Нухимович менен маектештик.

  • Сексологго кандай көйгөйлөр менен кайрылса болот?

Сексология- аял менен эркектин түрдүү жаш курагындагы жыныстык мамилеси тууралуу илим. Мындайча айтканда адам төрөлгөндөн баштап карыганга чейинки жыныстык маселелердин баарын сексолог түшүндүрүп берет. Андыктан сексологго кайрылуунун эч кандай уяты жок. Төшөк маселесинде же жыныстык мамиледе көйгөй жаралса аны чечүү жолун интернет аркылуу издөө күлкү келтирет. Бул деген ооруганда дарыканага барып, жогорку билими жок, орто билимдүү сатуучудан дары алгандай эле. Ал сиздин ооруңузду билбей бир нерсе берет, аны ичип алып өлүп калсаңыз эмне болот? Андыктан билими бар кесипкөйлөргө кайрылуу керек.

  • Жыныстык катнашы жок жашоого болобу?
  • Жыныстык катнашы жок үй-бүлөлүк жашоо болушу мүмкүн. Бирок мындай мамиле менен үй-бүлө куруунун жыйынтыгы биздин келечегибиз болгон балдарсыз өтөт. Ар бириңиздердин аркаңызда кандай милдет турганын элестетиңиздер. Урпактарыңыздан калган мурас, жоопкерчилик деген бар. Демек алар дагы бирин-бири сүйгөн, жыныстык катнашка барышкан. Анан балдар төрөлүп улут, калк, мамлекет пайда болгон. Сиз бул милдеттердин баарын жок кылганы турасызбы. Бул туура эмес. Кургак сүйүү биздин бактыбыз болгон балдарды бербейт.

  • Эмне себептен убакыттын өтүшү менен жубайлардын интимдик жашоосунда кризис пайда болот?
  • Тилекке каршы көпчүлүк учурда 3-4 төн жогору балдары болгон үй-бүлөлөрдө сексуалдык мамиле муздай баштайт. Жыныстык мамиле эки нерседен куралат, сүйүү жана физикалык мүмкүнчүлүк. Адамдардын жашы жогорулаган сайын физикалык дарамети түгөнөт. Ал-күчүнүн баары балдарды тойгузуп, бутуна тургузууга кетет. Жыйынтыгында жубайлардын өздүк интимдик жашоосуна убакыт калбай калат. Биз, сексологдор 3-4 баласы бар үй-бүлөлөргө жумасына 1-2 жолу жыныстык катнашта болуу жетиштүү деп эсептейбиз. Бул нерсеге даярдануу жана күүлөнүү керек. Себеби ортодогу мамиле сексуалдык жашоосуз куралбайт.

  • Көп учурда эркектердин көзгө чөп салуусун алардын полигамдуулугу менен байланыштырышат.
  • Билесизби, айбанаттардын туруктуу өнөктөшү болбойт. Акыл-эси жок болгондуктан, мындай жашоо аларга нормалдуу көрүнүш. Анан эмне себептен цивилизацияда жашап жаткан биз, ийинибизде башыбыз бар туруп жаныбарларга теңелишибиз керек. Биз бекем үй-бүлөлөрдөн үлгү алалы. Эгерде бир районго бирөөгө чуркап, кийинки районго экинчисине чуркап жүрө берсек, ким бактылуу болот? Ортодон ал-күчүңүздү жоготуп аласыз. Сүйүктүүлөрүңүз сагынат, мамиле талап кылат. Ал эми алардан балдарыңыз пайда болуп калса эмне кыласыз? Жардам бер дегенде күчүңүз жетеби? Андыктан жоопкерчиликти сезип, ойлонуп иш кылуу керек. Ошол үчүн бизде мээ бар.
  • Полигамия- бул сапатыз билимдин, аял-эркек ортосундагы түзүк эмес сексуалдык мамиленин актануусу дейт элем. Биз улуттун бекемдиги болгон туруктуу үй-бүлөнү, дени-сак балдардын төрөлүшүн, эки жакта айланып жүрө бербестен милдетти ойлонушубуз зарыл. Полигамия тууралуу сөз дагы болбошу керек. Моногамдуу болуп, бир аялды же эркекти сүйдүңбү, жар кылып алдыңбы, жоопкерчиликти аягына чейин алып кет.

  • Аялы күйөсүнүн каалаганын бербесе, ал сол жакка басат деген нерсеге кандай ойдосуз?
  • Үйүн жыйнап, тамак жасап, эртеден кечке балдары менен алектенип чарчаган аялга күйөсү каалаган учурда эле даяр болуу кыйын нерсе. Анда эмне кылуу керек? Ал үчүн алгач жагымдуу шарттарды даярдоо зарыл. Эс алуу, балдарын бир жакка жиберип коюп, жубайы менен ырахаттануу дегендей. Үй-бүлө-бул кумар алуу. Бул маселеде ар бир түгөйдүн милдети болот.
  • Нормалдуу сексуалдык мамилеге баруу үчүн, аялын даярдап, жагымдуу сөздөрдү айтып, ачуу керек. Себеби аялдар эркектерге салыштырмалуу кечирээк дүүлүгөт. Андыктан аны алдын ала даярдоо зарыл болот.
  • Эгерде күйөөсү сол жакка басып, үй-бүлөсү алдында жоопкерчиликти албаса, өзүнүн эле ырахатын ойлосо, андай адам менен жашоо маанилүүбү, жакшылап ойлонуңуз. Физиологиялык жактан туруксуз эркектер өнөктөштөрүн тез-тез алмаштырышат. Ар бир үй-бүлөдө кыйынчылыктар болот. Сезимдер сиңирилип турушу керек. Баарын бузуп жаңыдан куруу оор. Убактылуу кумарга азгырылып, үй-бүлөнү бузуунун кереги жок. Көйгөй жаралса кесипкөйгө кайрылып кеңеш алыңыздар.

БУЛАК:bilesinbi.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу