Акыйкатчы Абдрахматова кызын белгисиз адам аңдыганын билдирди

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Белгисиз адам акыйкатчы Атыр Абдрахматованын кызынын артынан түшкөн. Бул тууралуу ал акыйкатчы «Фейсбуктагы» баракчасына жарыялады.

«Азыр эле кызым кечээ кечинде аны мектептен үйүнө чейин белгисиз адам аңдып келгенин билдирди. Ал жолдун бир бөлүгүн классташы менен басып өткөн. Артынан адам келе жатканын байкаганда классташынын жанына чуркап барган. Жолдун бир бөлүгүн чуркап барып, «подъездге» кирүүгө үлгүргөн. Эркек жаран аны эшикке чейин ээрчип барган», — деп жазган Абдрахматова.

«Варшавада жүргөндүктөн достор аркылуу милицияга болгон окуяны билдирүүгө туура келди. Улуту, болжолдуу сүрөттөлүшү көрсөтүлгөн. Кызымдын мага биринчи айткан сөзү: «Апа, мен юбка кийип жүргөн элем», болду. Юбка кийүү чындап эле жаманбы? — деп жазган акыйкатчы.

Акыйкатчы жарандарды балдарга сак болууга чакырды.

Аргумент.kg