Баардык эле кыз-жигит мамилеси үй-бүлө курууга жете бербейт. Каалабасак да аягына чекит коюуга туура келет.
Кыз көңүлү назик болот. Сиз жөнүндө жаман пикирде калбасын десеңиз, төмөнкү кеңештерге кулак салыңыз.
- Жолугушууга чакырыңыз.
- Шылтоолор менен качпаңыз.
- Мамилени үзүүгө эмне себеп болду, ачык айтыңыз. Мисалы, өтө кызганчаак, ишенбейт ж.б. Өзгөрүүнү кааласа бир мүмкүнчүлүк бериңиз.
- “Сен мага татыктуу эмессиң” дебей, чоң адамдардай болуп диалог куруңуз. Мисалы, “ жаман болгонуң үчүн таштаган жокмун, бул менин каалоом, эмне дейсиң.”
- Кыздын кызыкчылыктарын эске алуу менен мамилени бүтүрсөңүз, күнөө сезими пайда болбойт.
- Мамилени токтоткондон кийин үмүт берүүчү сөздөрдү айтып, кыймыл-аракеттерди жасабаңыз.
- Кызыңыз макул болбой аркаңыздан түшүп алса, эскертүү бериңиз. “Кел сүйлөшүп алалы, мени аңдып, күндө жазып тынчымды ала берсең, кара тизмеге киргизип, коргонууга мажбур болом” деп айтыңыз.
БУЛАК:bilesinbi.kg