Самара Каримова: Таң сүрүлүп баарыбыз уктап кетиппиз
28-теке, 2021-ж // // Айпери ОсмоналиеваБуга чейин Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримова менен жолдошу Асан Мансуровдун жол кырсыгына кабылып, ооруканада жаткандыгы маалымдалган. Дал ушул окуяга байланыштуу ырчы айым социалдык тармактагы жеке баракчасы аркылуу билдирүү жасады:
«Урматтуу замандаштарым, ага-эжелерим, достор, чет өлкөдөгү мекендештер, 7 аймактан жазып колдогон бир туугандар, туугандар, кесиптештер, күйөрмандарым. Каалоо -тилектерге, ак бата, дуаларыңызга чоң рахмат. «Кырсык каш-кабактын ортосунда» дегендей бир аз кырсыктап калдык.
Достор менен Жалал-Абаддан сый конок болуп жолго чыктык эле…. Таң сүрүлүп баарыбыз уктап кетиппиз. Аллага чексиз шүгүр баарыбыз аманбыз. Жараткандан келген сыноого ыраазыбыз.
Ош Бишкек жолунда такси кылган агалар, мырзалар жардам берген жалпы жүргүнчүлөр баарыңыздарга Алла ыраазы болсун. Чоң рахмат . Дайыма жолуңуздар шыдыр болсун. Сапарыңыздар байсалдуу болсун.
Токтогул шаардык ооруканасындагы өмүр сакчылары , иштеген жалпы ак халатчандар таазим сиздерге. Алтын колдоруңуздарга береке. Токтогул райондук Ички иштер кызматкерлерине да чоң рахмат.
Абалымды тез-тез сурап турган кесиптештер, туугандар, жалпы журналисттер чоң рахмат. Дарыгерлер телефон колдонууга эми уруксат берди.
200 дөн ашуун чалуулар, билдирүүлөр толуптур шашпай жооп берем чоң рахмат . Биз жакшыбыз. Баарыңыздарды сыйлайм, жакшы көрөм.
Ошко азыр которулабыз.
Баарыңыздарга жакшылык каалайм. Асмандан, жерден келген апааттардан баарыңыздарды Жаратканым өзү сактасын», — дейт ал ыраазычылыгын билдире.