Каза болгон улан жанын кыйганы үчүн кечирим сураган видео калтырган

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

“Хоккей kg” тасмасына тартылган актер өспүрүм Шабдан Карпеков асынып каза болуп калды. Бул тууралуу социалдык тармактарга аны эскерген посттор жарыяланды. Ошондой эле Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан 17 жаштагы өспүрүмдүн асынып каза болгонун тастыкташты.

Маалыматта, өспүрүм 8-март күнү үйдүн короосундагы бакка асыныпказа болгон. Ошондой эле ал акыркы мүнөттөрүндө видео кайрылуу жасап, жакындарынан кылган күнөөсү үчүн кечирим сурап коштошкон. Учурда  милиция окуянын бардык жагдайын аныктоодо. Көп өтпөй “Хоккей KG” тасмасынын режиссёру Нурбек Болотов социалдык тармактагы баракчасына Шабдан тууралуу өзүнүн пикирин жазып таланттуу бала экенин баса белгилеген.

« Кече кичинекей актер Шабдан дүйнөдөн өтүп кетти. Ал өз каалоосу менен бул дүйнөнү таштап кетти. Шабдан менин тасмамда мыкты ойногон. Алты жаштагы бала оор трюктарды коркпостон жасаган. Тамдын чатырынан бир нече жолу секирип тангалдырган. Ал дзбдо менен кичинесинен эле машыгып келген. Атасы Канат Текимбаев дзюдо боюнча өлкөнүн көп жолку чемпионаты. Кичинесинен эле өзүнө тың, бир орунда турбаган, күчтүү бала болучу. Үй тиричилигин өзү тейлөөчү. Теңтуштарынан да кемсинтүүсун кечире берчү эмес. Себептерден улам ата энеси эки жолго тушүп, Шабдан атасында эки карындашы энеси менен кеткен. Оор мүнөзүнөн улам милициянын да каттоосуна илинген. Кече аны мугалими урушуп коюптур, ал мектептен ыйлап кеткен экен. Үйүнө келип асынып калыптыр. Анын өлүмгө шашышына эмне себеп болгону белгисиз. Жаткан жериң жайлуу болсун, тынч укта уулум. Кош бол кичинекей баатыр”-деп жазган.

Аргумент.kg