Садык Шер-Нияз балдарын кара жумуш жасатуу үчүн урушуп жаткан сүрөт жарыяланды

Садык Шер-Нияз балдарын кара жумуш жасатуу үчүн урушуп жаткан сүрөт жарыяланды

26-жетинин айы, 2020-ж // // Айпери Осмоналиева
Президентикке талапкер Садык Шер-Нияз балдарын кара жумуш кылдырат. Мындай сүрөттү Ибрагим Нуракун уулу фейсбук баракчасына жүктөгөн.
«Эртеменен келсем эле эки рабочий баланы өктөм үн менен башкарып атыптыр. Бу президенттикке талапкерге не болгон? — деп ойлонуп олтуруп чырк эттирип койдум. Тиги жигиттер эки аптадан бери эле карала-торала болуп, подвалды шыбап бүтүрө албай жүрдү эле.  «Уруш» бүткөндөн кийин «Булар кимдер?», — деп сурадым:
  — Балдарымды кара жумушка көндүрүп жатам.
  — Кызыңызды да ушинтип тарбиялайсызбы?
   — Жок. Кызым мени тарбиялайт, — деп жылмайып койду. Өзүмдүн тажрыйбаман билем, кыздар атага жакыныраак болот», — деп жазат Ибрагим Нуракун уулу.